МАСКӨӨДӨ КОНДОЛИЗА РАЙС ОРУСИЯНЫН БИЙЛИГИН СЫНГА АЛДЫ

Муса Мураталиев Бейшембиде Кондолиза Райс АКШ мамлекеттик катчысы даражасында алгачкы жолу Маскөөгө келип кетти. Кремлде президент Владимир Путин менен жолукканда мамлекеттик катчы Орусияны демократиялык реформа жолунан чыгып бараткандыгы үчүн сынга алды. Крмелдин өлкөнүн бүт бийлигин бир колго топтоп алышын сындады. Орусиялык маалымат каражаттарына берилбей аткан эркиндик тууралуу кеп козгоду. Ошого карабай Вашингтон менен Маскөөнүн алакасын «абдан жылуу» деп айтты. Маскөөлүк саясий анализчилер болжолунда мындай жагдай орусиялык-америкалык алаканын баштагы боюнча кала беришинен шек санатат.
Мурда - шаршембиде Маскөөдө Кондолиза Райс айым мындай деген эле:

- Америкалык – орусиялык алака тереңдесин десек, анда, Орусияны баралына келтире турган демократиялык баалуулуктун өнүгүшү зарыл нерсе. Президенттин колуна бийликтин мынчалык көп түрү топтолбошу керек. Басма сөз каражаттары көзкарандысыз болууга тийиш.-

Бул келтирген мисалдан «бийликтин көп түрү» деген сөздү чечмелей өтөлү. Кантсе да бул жерде мыйзам чыгаруу палаталары, сот же маалымат каражаттарынын Кремлге көз каранды болуп калышы эске алынган шекилдүү.

АКШ мамлекеттик катчысынын сынына Орусиялык саясий иликтөө жүргүзүү институтунун директору Сергей Марков мындай жооп айты:

-Ал Орусиядагы демократияга кам көрүүнү, кандайдыр бир илимий чогулушта, айталы, Америкада айтса, орундуу болмок. Ал эми ырасмий иш сапары менен бул жакка келип алып, мамлекеттик конок болуп жүрүп ушундай деши – оройлук!».

Москвадагы Карнеги борборунун жетекчилеринин бири Дмитрий Тренин айткан ой мындай болду:

- Демейде буга окшогон билдирүүлөр өлкөдө ички абалды сындан өткөрүп ал тууралуу өз түшүнүгүн берүүгө туура келип жүргөн орусиялык ишкерлерди безге саят. Ал эми эркиндик жана демократияга келсек, анда менин оюмча, өлкөдөгү азыркы жагдайды тарыхый катарга коюп караган оң. Орусия бул учурда бүгүнкү күндүн коомчулугун, бүгүкү күндүн мамлекетин куруу алакети менен убараланып атат. Анын ошол учурдагы саясий режимдеги мүнөзүн жумшак авторитаризм дешке болот.-.

АКШнын мамлекеттик катчысы Райс айымдын айтканына караганда, Маскөө террорчулук менен күрөшүүдө Вашингтондун стратегиялык өнөгү болуп кала берет. Ошол эле учурда саясий анализчилер оозунда Орусия менен Кошмо Штаттар ортосунда мамиледе жаагы катуу маселе болуп Иран тегериндеги жагдай эсептелет. А кайсы бир саясатчылар «Кондолиза Райс бул жолу орусиялык жетекчини Тегеран менен кызматташуудан баш тарттыруу тапшырмасы менен келген», деп айтышууда. Ал тапшырма ишке ашып-ашпаганы белгисиз, бирок пикир айтчулардын дагы бирлери «АКШ мурда Иракка барган сыңары Иранга да Орусиянын көзүн карап олтурбастан өз алдынча бара берет», дешет.