Японияда жер титирөө болуп, андан 50дөй киши жарадар болду

ТОКИО. Бүгүн эртең менен Япониянын түштүгүндөгү Киусу аралында катуу жер титирөө болуп, андан алдын ала маалыматтарга караганда бери дегенде 50 киши жарадар болду. Жер титирөөнүн күчү Рихтер чен өлчөмү боюнча 5,8 даражаны түзүп, Фукокака шаарынын айланасында сезилди. Март айында ушул эле региондо күчү 7 даражага жеткен силкинүү болуп, андан бир киши набыт кетип, жарым миңдей киши жарадар болгон.