БИШКЕК. АКШнын Сенаты Кыргызстандагы соңку саясий окуяларды талкуулап, резолюция кабыл алды. Анда АКШ Сенаты кызматтан четтетилген Аскар Акаевдин расмий түрдө өз ыйгарым укуктарын өткөрүп беришин колдоп, Кыргызстандын жаңы бийлигин болочок президенттик шайлоону эркин, ачык жана эларалык талаптарга өткөрүүгө чакырган. Өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолугушкан учурда президенттик шайлоо эларалык талаптарга ылайык өткөрүлө тургандыгын маалымдаган.