24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин конституциялык реформаны тез арада өткөрүү зарылдыгы арбын айтыла баштады. Өлкө тагдырын бир адамдын колуна тапшырып коюудан жалкып калган кыргыз коомчулугу президентти ыйгарым укуктарынын кыйласынан ажыратып, парламенттин укугун кеңейтүүнү туура көрүүдө.
Аскар Акаевдин кызматын таштап Москвага кетип калганы азыркы бийликтин башын ооруткан оор маселеге айланды. Кыргызстандын Башмыйзамында бийликтин элдик ыңкылап аркылуу бир колдон экинчисине өтүү жөрөлгөсү жазылган эмес экен, баарысын конституциялык нукка түшүрүүнү каалаган жаңы өкмөт менен жаңы парламенттин аракети кыйла создугуп, чыдамы түгөнгөн калк арасынан чыккан сүрмөтоп башкалаадан бош жер көрсө басып алууга өттү.
Ал арада конституциялык реформанын зарылдыгы, президент шайлоого чейинби же андан кийинби, иши кылып Башмыйзамды дагы бир ирет жакшылап өзгөртүп чыгуу, бийликти бир кишинин колуна берип, өлкө тагдырын анын амирине салып коюунун натуралыгы байма-бай айтыла баштады. Жаңы өкмөт башчы баарыдан мурда тартип коргоо органдарынын ишин, сот системасын создуктурбай жаңылоо керек деген пикирде.
- Сот системасын узакка созбой реформалоо зарылдыгы бышып жетти, сотторду шайлоого өтүү зарыл. Тартип коргоо органдарынын ишин, анын арасында Ички иштер министрлигин кайра карап чыгуу кезеги турат,- дейт Курманбек Бакиев.
Конституциялык реформа ириде бийлик тагдырын, өлкөнү кандай жана кантип башкаруунун формасын аныктап бериши керек. Президент милдетин аткаруучунун парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев мамлекет башчысын башка планетадан келип уурдап кетишсе да андан өлкөнүн саясий-экономикалык турмушу жапа чекпегидей, конституциялык кризис чыкпагыдай шарт түзүлүш керек дейт:
- Конституция бардык жагдайда жол табууга жардам бергидей болушу керек, жадесе ойго келбес иш - президентти башка планетадан келип уурдап кетип өздөрүнө башчы кылып алышса да биз апкаарыбай, туңгуюкка капталбагыдай шарт түзүлүшү зарыл.
Парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, жакын арада жаңы өкмөт элге кайрылуу жасап, анда жаңы бийлик эмне аткарарын, андан эмнени күтүүгө болорун ачыкташы зарыл.
- Жаңы бийлик ушу 5 –10 күндүн ичинде элге кайрылуу жасашы керек эле деп ойлойм. Бизде конституциялык кандай өзгөрүүлөр болот?
Убакыттын кысталыштыгын айтып, төөбасты маселелердин баарын аз убакыт ичинде чечүүгө буямасы келбей жаткан өкмөт алдыдагы президент шайлоону өткөрүп алгандан кийин конституциялык реформаны шашпай өткөрүүнү туура көрөт. Аны Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева минтип ырастайт:
- Мынабу дискуссиялардын жыйынтыгында пропорционалдык-мажоритардык шайлоо болсун, парламенттик-президенттик республика болсун, мына ушул идеяларды ар бир кандидат, ким президенттикке чыгып атат, мисалы, мен бүгүн мындай бир ой киргиздим, президент башкаруу мөөнөтүнүн чегин да коюп койсок, бир эле мөөнөт болсо деп. Анткени биз Кыргызстан парламенттик республикага жол тартып атпайбызбы, ошол жакка аттанып атпайбызбы. Бийликти толук ээлеп алууга жол бербешибиз керек.
Конституциялык сот төрайымы Чолпон Баекова ириде конституциялык кеңештин ишин баштоо керек деп эсептейт.
- Пикир алмашылып, эң негизгиси Конституциянын контурлары белгилүү болуп калса, президенттик талапкерге кимиси болбосун, президент талапкери өзүнүн программасында ошол Конституциянын өзгөртүүлөрүн кабыл алууга мажбур болот.
Конституциялык реформа бул ирет жеке бийликке жол бербөөнүн аргасын таап, кезектеги бийлик кумарпозунун өктөм дымагын басып, мамлекет башчысынын жоопкерчилигин так аныкташы зарыл. Ошондо гана опсуз чоң ыйгарым укуктарга ээ, бирок жоопкерчилиги жок А.Акаевдин президенттик бийлигинин кайталанышына жол берилбейт.
Парламент депутаты Камбаралы Конгантиев элдик ыңкылап өткөнү менен мурдагы бийликтин көрнөктөрү гана өзгөрүп, чукул өзгөрүүлөр дагы эле боло элек деп билдирди.
Мындан он беш жыл мурун илгери үмүт менен киргизилген президенттик институттан көңүлү калган Кыргызстан ушу тапта парламенттик башкарууну күсөй баштады.