ӨКМӨТ ЖЕР БАСЫП АЛУУЧУЛАРДЫН МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ

Өкмөт жер басып алууну жөнгө салуу жана Бишкек шаарынын айланасынан жер алууга муктаж болгон адамдарга жер берүү тууралууу токтом кабыл алды. Бирок жер талаш маселеси аягына чейин чечиле элек.
7-апрелде Бишкектин “Тунгуч”, “Асанбай”, “Жал”, “Көк жар” кичи райондорунда массалык жер басып алуу башталган. Ушунун негизинде келип чыккан жер талаш маселеси бүгүнкү күнгө чейин аяына чейин чечиле элек.

12-апрелде өкмөт жер басып алууну жөнгө салуу жана жер алууга муктаж адамдарга жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ошондой эле өкмөт башчынын буйругу менен жер басып алууну иликтөө үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү.Комиисиянын курамына Жогорку кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын, айыл өкмөттөрүнүн жана райондук бийликтин 30 өкүлү кирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жер мыйзам чегинде гана бериле тургандыгын билдирди:

-Эгерде башка жерден Бишкекке, Чүйгө жер алабыз деп аттангандар болсо, анда убара болбой эле коюшсун. Башка токтом чыкпайт. Жер берилбейт. Эгерде акчаңарды коротуп келсеңер, кетип каласыңар. Же болбосо келээрин келип алып кете албай жүрбөгүлө. Менен чечимим ушундай.


Мыйзамга ылайык, ар бир жарандын жер алууга укугу бар. Бирок ошол эле учурда бирөөнүн жеке менчигине кол салуу мыйзамга жатпайт. Жер басып алуучулар үй жайы жок адамдар деп айтылып келингени менен, алардын катарында үй-жайлуу атуулдар деле бар. Жогорку кеңештин депутаты Темир Сариевдин айтымында жер басып алуучулукта көкүтүүлөр орун алган:
-Алдамчылар чыгып атат. Элден 10 миң сом чогултуп алып, анын миң сомун пара берем деп айткандарга бир топ адамдар акчаларын беришкен. Эми азыр ошол адамдарды таппай жүрүшөт.Кечээ барсак айдалган жерлерди жер басып алуучулар тебелеп-тепсеп, казып, фундамент куюп коюшуптур. Келген элдердин көбүнүн үйү жок болсо керек. Бирок ичинде көп чагымчылар. Алар жакшы унааларды минип алып, колуна калп эле “мен чоңмун” деп папке көтөрүп алышкан. Жер ала албай жүргөн турак жайы жок адамдардын маселесин чечиш керек. Бирок мыйзам жолу менен.

Буга байланыштуу өкмөттүк комиссия өз алдынча жер басып алуу фактыларын, аларды уюштуруп, көмөкчү болгондорду териштирүүнү тартип коргоо кызматтарына тапшырды.

Мүлктү мамлекеттик каттоо агенттигинин алдында эки күн жер алууну каалагандардын саны өтө көп болду. Аталган агенттиктин каттоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Дүйшембиевдин билдиргенине караганда, токтомго ылайык жер алуучулар мыйзам чегинде кезекке туруп каттоодон өтүп атышат:
Бизге Бишкекте, же болбосо шаардын четинде жерибиз жок деген маалымат-кагаз алыш үчүн эл келип жатат. Бул маалымат-кагаз жер берүүчү органдарында каралуучу документтердин бири болуп саналат. Менин оюмча, элдин тиешелүү мамлекеттик органдарга келип, жер алуу маселесин чечип жатканы жер басып алуучулукту токтотуп, мыйзам чегинде чечип жатканы .

Мамлекеттик мүлктү каттоо агенттигинен билдиришкендей, үй куруу үчүн ылайыктуу деп табылган жер аянттары атуулдарга тиешелүү документтердин чегинде берилет. Ал үчүн иштеген жеринен жана жашаган жеринен документ, республиканын аймагында жер үлүшү жок экендигин күбөлөндүргөн баракча, паспорттун көчүрмөсү талап кылынат.

Шаардын айрым жерлериндеги жер басып алуу фактыларына “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму тарабынан атайын мониторинг жүргүзүлүп келет . Аталган уюмдун төрайымы Төлекан Исмаилова:

-Бүгүнкү күндө жер маселеси чечиле элек. Чыр чатактар уланууда. Өкмөт тараптан чаралар көрүлүп атат. Бирок бул жетиштүү эмес. Элдин ушунчалык кыжыры кайнап, жерди басып алып мыйзамсыз кадамдарга барганынын себеби- маалыматтын так болбой жатканы. Айта кечү нерсе, өкмөттүн айрым мүчөлөрү ыңкылаптан кийин жер беребиз деп убада беришип, жер маселесин саясатка айлантышып, өз кызыкчылыктарын көздөшкөн- деди.