Рупель кайрадан келет

БИШКЕК. 17-апрелде кечинде Кыргызстанга Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун азыркы төрагасы Димитрий Рупель келет. Ал 18-апрелде премьер министр, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушат. Бул тууралуу 15-апрелде ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы буга чейинки Кыргызстанга сапарында өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берүүгө ЕККУнун даярдыгын билдирген.