Америкалык астронавт жана орусиялык космонавт эртең Эл аралык космос бекетине учуп кетишет

Сергей Крикалев менен Жонн Филипс Казакстандагы Байкоңурдан учушат. Алар Эл аралык бекетте жарым жыл иштешет. Алар менен италиялык Роперто Виттори да Европалык космос агенттигинен учуп жатат. Ал космосто сегиз күн болуп, 25-апрелде орусиялык космонавт Салижан Шарипов жана америкалык астронавт Лерой Чиао менен чогуу Жерге кайтып келет. Экөө орбитада октябрдан бери турушат.

Роперто Виттори космос бекетиндеги тамак-аштын бир бөлүгү Италиядан келээрин билдирди. «Орусиялык космонавтка да, мага да атайын тандап, азык-түлүк жиберишет. Ошол эле убакта Лацио жана Италиянын башка аймактарынан келген салттуу тамактар да бар. Эл аралык Космос бекетинде италиялык даам-татым болсун деп жататбыз» деди космоско учуп жаткан Виттори.