Жогорку Кеңеште шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе каралды

БИШКЕК.14-апрелде Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Шайлоо Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулоого киришти. Аталган долбоорду талкууга сунуштаган депутат Дооронбек Садырбаев Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүн “Баардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ” деп өзгөртүүнү, ушул эле беренеге “Мамлекеттик же коммуналдык менчикте турган ишкана кызматкерлерин шайлоого көмөктөшүүчү иштерге акысыз же жеңилдетилген шарттарда иштетүү кызмат абалынан пайдаланылды деп табылсын” деген сунушту айтты. Анын пикиринде, жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкер шайлоого талапкерлигин койсо, ээлеген кызматын өзүнөн кийинки кызматтагы адамга өткөрүп берүүсү зарыл. Мындай өзгөртүү шайлоону ачык, калыс,таза өткөрүүгө шарт түзөт. Айрым депутаттар өлкөдөгү оор кырдаалды эске алганда Садырбаевдин кийинки сунушу учурдагы премьер-министрдин ишине каршы болоорун билдиришти. Мыйзам долбоорун талкуулоо дүйшөмбү күнү уланат.