Бишкектин тегерегинен мурда үлүшкө берилген жер участоктору соңку мезгилдери өз алдынча ээлеп алган атуулдарга берилбейт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-минстрдин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков 13-апрелде Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен атуулдардын жерге болгон муктаждыктарын иликтеп, чечүү боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. Комиссия кыска мөөнөттө Бишкекте жана Борбор калаанын чет жакасында буга чейин үлүшкө берилбеген жерлерди аныктап, өзгөчө муктаж атуулдарга жер берүүнү караштырат. Ал үчүн жерге муктаж атуулдар үй-бүлөөсү, жери жоктугу тууралуу жана иштеген, жашаган жери тууралуу документтерди топтоп, жергиликтүү бийликке тапшыруулары зарыл.
Ишенбай Кадырбеков «башка бирөөгө мурда үлүшкө берилген жерлерди ээлеп, жер участокторуна өкмөттүн уруксатысыз таш, кум, топурак төгүп баштаган атуулдар мыйзамдын чегинде жазаланат» деп кошумчалады