Бурулкан Турдубек кызы Бишкек шаарынын айланасынан үй куруу үчүн жер аянттары мыйзам чегинде берилет. Ал эми уруксатсыз жер басып алууларга, аны уюштуруучуларга чара колдонулат. Кыргыз өкмөтү бир күн мурун ушундай мазмунда токтом кабыл алды. Бул токтомго өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Ишенбай Кадырбеков түшүндүрмө берди. Анткен менен үй салууну максат кылгандар мыйзамсыз басып алган жерлеринде кала беришүүдө.
Жер талаш маселесин чечүү үчүн үч күндөн бери курамына отуздан ашык киши кирген өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Бул комиссия даярдаган токтом долбооруна президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев 12-апрелде кол койду.
Токтомдо көрсөтүлгөнгө караганда, өкмөт Бишкек шаарынын айланасындагы, Бишкек шаарынын ичиндеги үй курууга ылайыктуу жер аянттарын, курулушу бүтпөй калган имараттарды аныктоо максатында үч багытта жумушчу топ түзүлүп жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр, өкмөттүк комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбеков 13-апрелде уюштурган маалымат жыйынында билдирди.
Үй куруу үчүн ылайыктуу деп табылган жер аянттары тиешелүү документтердин чегинде жарандарга токтоосуз берилет. Ал үчүн иштеген жеринен же ишке орноштуруучу жайдан, жашаган жеринен документ, Кыргызстан аймагында жери жок экендигин күбөлөндүргөн баракча, паспорттун көчүрмөсү талап кылынат.
Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Бишкектин аймагында бир катар ашкере көлөмдүү жер аянттары тигил же бул тарапка берилип калган:
- Ошол эле Манас-Түрк университетине 86 га жер берилген. Интенсивдүү курулушу бар шаарда мындай аянттар берилбеши керек болчу. Асанбай аймагында спорттук аянт болот деген имиштеги чоң аянт бар экен. Ошол эле жерде дагы турак жай курулушуна ылайыкталган беш гектардан ашык жер бар экен. Ал да өздөштүрүлө элек экен.
Кадырбековдун айтымында, ар бир жаран жер алуу укугуна ээ. Ошол эле учурда бирөөнүн менчигине кол салууну да мыйзам жазалайт. Ошондуктан, өкмөттүк комиссия өз алдынча жер басып алуу фактыларын, аларды уюштургандарды, көмөкчү болгондорду териштирүүнү тартип коргоо кызматтарына тапшырды:
- Ким бүгүн буудайды, эгинди тебелеп кеткени (эгин тебеленген экен) аныкталса, алар жоопко тартылат. Ташты алып келсе, пайдубал түптөсө, алар аны кайра калыбына келтирип, орду-ордуна коет мыйзамдын негизинде. Ошон үчүн биз башкы прокуратурага, милицияга да тапшырдык.
Өкмөттүк комиссиядан тышкары жер басып алууну токтотууга кол кабыш жасап жатышкандыгын Элдик кошуун да көмөктөшүүдө.
- Биз бул топтордун башчыларын аныктоого кол кабыш кылып жатабыз, - деди уюмдун өкүлү Сулайманов Жолдошбек
Бирок, Бишкек шаарынын айланасында бир апта мурда башталган жер басып алуулардын аягы дале сууй элек. Жер басып алууга байкоо жүргүзгөн «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, учурда «Тунгуч», «Асанбай», «Түштүк дарбаза», «Жал», «Көк-Жар» аймактарынан, Ататүрк гүлбагынын айланасынан, Аалы Токомбаев жана Байтик Батыр көчөлөрүнүн кесилишинен жер ээлегендер тизме түзүү, жерди ич ара бөлүштүрүү, курулуш материалдарын түшүрүү менен алектенишүүдө. Маселен, Тунгуч кичи районуна жанаша жайгашкан 95 гектар жерди алуу үчүн бийликтин чечимин күтүп жаткандардын саны тизмеде 2 миңден ашты. Бул тууралуу ошол жердеги жер алуучулардын бири Бакыт билдирди. Бакыт жер басып алуулар атайын уюштурулду деген пикирди колдогон жок:
- Андай эмес. Ар ким өз кызыкчылыгы үчүн келип атышат. Мен үйүм да, жерим да жок. Эки жылдан бери чуркап жүрөм алам деп, болбой койду. Акча сураса асмандын башын сурашат. 20 миң-30 миң сом деп. Ал акча жок да.
Жерди ээлеп алгандардын айтымында, акыркы эки күндөн бери бийликтен эч ким келе элек. Бул аралыкта алардын айрымдары чатыр тигип, кум, шагыл түшүрүп коюуга үлгүрүштү.
Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, жер басып алууну көкүткөндөр бар. Бул боюнча атайын кызматтар иликтөө жүргүзүп жатышат.
Бирок, жер басып алуунун башкы себеби катары Вице-премьер министр 10-15 жылдан бери турак жай маселесинин колго алынбай калышын, ошол эле учурда баш калаага жанаша жерлерди менчикке берип салууну белгиледи. Ошондуктан, Кыргыз өкмөтү азыр бардык маселелерди салмактап көрүп, турак үй курууну каалагандарга жер эле берүү менен чектелбестен, ипотекалык кредиттерди берүү жагын да караштырууда.
Өкмөттүн маалыматына караганда, жер алууну каалоочулардын саны 50 миңден, ал эми мамлекеттик мүлктү каттоо агенттигине кайрылгандардын саны 10 миңден ашкан.