Кубанычбек Жолдошев 12-апрель күнү кечинде Ош шаарына айыл чарба муктаждыктарына багытталган Өзбекстандын гуманитардык жардамы келип түштү. Гуманитардык жүктү кабыл алуу иш чарасы Анжиян шаарында болуп өтүп, ага эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Айрым жергиликтүү саясат таануучулар көз карандысыздык жылдарынын ичиндеги биринчи жолу берилген бул жардамды кыргыз-өзбек мамилелеринин жаңы баскычы катары баалашты.
Гуманитардык жүктү кабыл алуу үчүн барышкан экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болотбек Айдаралиевди, айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу Абдымалик Анарбаевди жана башка расмий өкүлдөрдү чек арадан өзбек өкмөтүнүн бир катар мүчөлөрү тосуп алышты. Расмий иш чаралар өткөрүлгөн соң, гуманитардык жардамдын алкагында пахта чигити, күйүүчү май жана курулуш материалдары жүктөлгөн вагондор Кыргызстандын Карасуу жана Ош темир жол станцияларына жөнөтүлдү.
Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бактияр Субанов аталган жардам боордоштуктун жана жакын кошуналыктын белгиси деген пикирин билдирди:
- Бүгүнкү кадырлуу Кыргыз республикасына тапшырылып жаткан гуманитардык жардам боордоштуктун жана кошуналыктын белгисин билдирет.
Ал эми Кыргызстандын айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу Абдымалик Анарбаев расмий Ташкент Кыргызстанга жардам берүүгө ниетин билдирген жана анын алгачкылардан болуп иш жүзүнө ашырган коңшулаш өлкө болгонун белгиледи:
- Өзбекстан республикасынын президенти Ислам Каримовго чоң ыраазычылык билдиребиз. Чындыгында бүгүн берилип жаткан жардам биринчи иретте Өзбекстанга кошуна Ош, Баткен, Жалалабад облустарынын дыйкандарына берилет. Дыйкандар жер семирткичтен, күйүүчү майдан кыйналып турган мезгили. Азыр жүк жөнөтүлдү, эки сааттан кийин Ошто болот. Жүк чоң көлөмдө.
Статистикалык маалыматка караганда, Өзбекстандын Анжиян облусунда эле 100 миңден ашуун кыргыз жашайт. Анжиян облустук акимиатынын жооптуу кызматкери Маматжан Кадыржанов облустун аймагындагы кыргыз тилдүү калкка кам көрүү максатында мамлекет тарабынан тиешелүү шарттар түзүлүп жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:
Бизде жакында Чоңдөбө облус аймагында жогорку окуу жайынын кыргыз тилинде курсу ачылды. Анжиян облусунда институттун ачылышы тарыхта биринчи жолу болушу. Радио, теле да облуста кыргызча иштеп жатат.
Ал эми иш чарага келишкен Анжиян шаарынын бир катар коомчулук өкүлдөрү кыргыз-өзбек мамилелеринин мындан ары карай жаңыча багытта жакшырышына, чек ара жана бажы маселелеринин тез арада жөнгө салынуусуна үмүттөнө тургандыктарын билдиришти:
- Эми эгерде чек аралар кенен ачылса, эки калк үчүн жакшы болот деп ойлойм -деди Анжиян шаарынын тургуну Сайдулла Хакимов.