12-апрелде Жогорку Кеңеш «Ыйгарым укуктары токтогон райондук жана облустук кеңештердин депутаттарынын ыйгарым-укуктарын 2005-жылдын аягына чейин узартуу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алган жок. Мындай мыйзамды жер-жерлерде акимдерди дайындоону легитимдештирүү максатында кабыл алууну убактылуу өкмөт да жактап келген. Депутат Камбаралы Конгантиевдин сунушу менен бул маселеге депутаттар 14-апрелде кайра кайрылмакчы. Депутаттар бул күнү Бишкектин айланасында жер басып алуу маселесин да талкуулашып, кайрылуу кабыл алышты.