КЫРГЫЗСТАНДА ЫҢКЫЛАПКА КАРШЫ АРАКЕТТЕР ЖҮРҮП ЖАТАБЫ?

24-марттагы чукул бийлик алмашуудан пайда болгон бейтартип аракеттер басыла элек. Акыркы күндөрү болуп жаткан окуяларды жарандык коомдун айрым өкүлдөрү ыңкылаптын экинчи толкуну катары баалап жатышат. Расмий бийлик жер-жерлерде башаламандыктар атайын уюштурулуп жатканын белгилешүүдө.
Өткөн аптанын этегинде бир эле учурда Бишкек шаарынын айланасындагы 8 аймакта жер аянттарын массалык басып алуу катталды. Каракчылыкка каршы күрөшүү максатында түзүлгөн элдик кошуундун жетекчиси, каскадерлор ассоциациясынын төрагасы Үсөн Кудайбергенов атып өлтүрүлдү. Ал эми региондордо бийлик талаш дагы эле басылбай, айрым аймактарда нааразылык чаралары тынымсыз уланууда. Мындай көрүнүштөр орус тилдүү калктын өлкөдөн кетүүсүн шарттап жатат.

Мыйзамсыз аракеттер 24-марттагы бийлик чукул алмашкандан кийин эле дароо башталган. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев өзүнүн алгачкы маалымат жыйынында муну контрреволюция деп атаган:

- Менимче, контрреволюция башталды. Биз аны сезип, көрүп турабыз. Кечээ, мурдагүнү Бишкекте болгон каракчылык менен талап-тоноолор ошолордун абийиринде.

Курманбек Бакиев мындай көз карашын эки жумадан кийин кайра кайталады:

- Атайын күчтөр бар, аларга эл шайлаган азыркы бийлик, алардын элди колдоосу жакпай атат. Айрыкча кечээ бул жерден качып кеткендерге. Кечээ бул жактан качып кеткендердин тарапкерлери бүгүн ушундай түшүнбөстүктү жаратып жатат.

Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев акыркы жолу жекшемби күнү митингге чогулган элдин алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Өлкөнү дестабилдештирүүгө кызыктар күчтөр бар деген көз карашка «Арнамыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов да кошулат. Бирок, Бакиевден айырмаланып ал көмүскө күч ким экенин атоону каалаган жери жок:

- Андай күчтөр бар. Бул менин божомолум гана болуп атат. Ал өзүмдүн эле ичимде калсын… Мен ал оюм менен бөлүшө албайм.

Куловдун оюнда, ал күчтөр бийликтин чукул алмашуусунан пайдаланып, кимдир-бирөөлөрдүн мүлкүн, акчасын өзүнө менчиктөө аракетин көрүүдө. Бирок, мамлекеттик, саясий ишмерлерден айырмаланып «Кыргыз элинин абийирин, ар-намысын коргоо» коомунун төрагасы Акин Токталиев азыркы бийлик өзүнүн алсыздыгын жаап-жашыруу үчүн кимдир бирөөнө күнөө оодарып жатат дейт:

- Үчүнчү күч жок. Үчүнчү күчтү өздөрү эле ойлоп таап атышат. Бийликке алы жетпей, башкара албай , ал жетпей калганда эле калп шылтоолоп атат. Президенттин конституциялык укугу бар, ошону колдонсо үчүнчү күчү да, экинчиси да жок болот, бир эле күч калат.

Ал эми АКШнын элчиси Стивен Янгдын «Азаттыктын» суроосуна берген жообунда билдиргенине караганда, жер басып алуучуларга байланышкан маселени сүйлөшүү, мыйзамды түшүндүрүү жолу менен чечүү зарыл. Элчинин оюнда, мындай көрүнүштөр өз маалында чечилбесе, анархияга айланып кетиши толук ыктымал:

- Менимче, башаламандык менен басып алуу өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, ошондой эле анархияга алып келиши мүмкүн деп ойлойм.
Ал эми расмий жетекчилердин билдиргендерине караганда, жагдайды мыйзамдуу жөнгө салуу үчүн бир нече багытта өкмөттүк комиссиялар иштеп жатышат.
Анткен менен учурда калктын жер басып алган, көчөгө чыккан өкүлдөрү буга чейин иштеп келген мыйзамдардын мындан ары иштеп кетерине деле ишенишпейт.

- Аскар Акаев телевизорго чыкканда сен өз укугуңду бил, сен да мага окшоп өз укугуңду коргой аласың деп айткан. … Мен эмне үчүн орустардын батиринде сенделип жашашым керек. Мен жерди алдым. Чечимди алып келип колума тапшыргыла.

- Бизде Конституция бар.

- Кайдагы Конституция! Конституцияны Акаев да сактаган эмес!

Бул өндүү кайым айтышуулар жергиликтүү бийлик менен жер басып алгандардын ортосунда үзгүлтүксүз уланууда. Коомчулук болсо кырдаалды жөнгө салуунун ар кыл багыттарын белгилөөдө:

- Жалпы атуулдук коом да бул ишке өз пикирин билдириши керек. Эң негизгиси: буларды айгинелеш керек. Тез аранын ичинде айгинелеп, ошолордун ичинен бир нечесин жоопко тартыш керек, - деди «Акыл, эс, рух жана ыйман» коомунун төрагасы Дүйшөн ажы Абдылдаев.