КЫТАЙ ИНДИЯ МЕНЕН ЧАТАГЫН ЖӨНДӨӨГӨ КИРИШТИ

Дүйшөмбү күнү Кытай жана Индия ортосунда стратегиялык жана экономикалык карым-катнаштын жаңы формасына башат салынганын эки өлкөнүн өкмөт башчылары Вэн Цзябао жана Манмохан Синх жарыя кылышты. Эки лидер Гималай тоосундагы талаштуу аймак боюнча чатакты жөндөөөгө багытталган келишимдерге да кол коюшту. Бул келишимдер килейген эки мамлекет арасындагы экономикалык карым-катнаштын жакшыруусуна үлкөн салым кошору айтылууда.
Индиянын премьер-министри Манмохан Синх менен Кытайдын өкмөт башчысы Вэн Цзябао эки өлкө “тынчтык жана өнүгүү макстында стратегиялык кызматташтык түзөлү” деп макулдашканын дүйшөмбү күнү Жаңы Делиде жарыя кылышты. Дүйнөнүн калкы көп эки лөк өлкөсү ортодогу чек ара чатагын жөндөөгө жана экономикалык алыш-беришти колдоого багытталган келишимдерге да кол коюлду.

Премьер-министр Манмохан Синх жаңы келишимдер дипломаттык жана экономикалык байланышты өнүктүрүүгө удаа дүйнөлүк кызматташтыкка да күчтүү таасир этерин билдирди:

-Бул талкуудан башка да биз эки өлкө ортосунда жаңы карым-катнашты өнүктүрөбүз: түрдүү тармактардагы көп улуттуу байланышты кеңейтип, тереңдетип, бекемдейбиз.

Жаңы Делиде кол коюлган келишимге жараша, Гималай тоолору аркылуу өткөн
3, 5 чакырымдык чек ара тилкесин тактоо үчүн келишимде 11 пункттан турган план каралган. Чек араны аныктоодо тарыхый жагдайлар, географиялык өзгөчөлүктөр, талаштуу тилкеде жашаган калктын турмуш ыңгайы, ал жерлер азыр кайсы тараптын көзөмөлүндө экени эске алынат.

Кытай жана Индия арасындагы чек ара талашы 1962-жылкы согуштан башат алат.
Жаңы Дели Кытайды 38 миң чарчы чакырым жерди мыйзамсыз ээлөөдө деп күнөөлөп келет. Индия тараптын ырасташынча, Тибеттин батышындагы бу жерлерди Кытай 1950-жылдары Пакистандан заң-мыйзамсыз өткөрүп алган.

Бээжин болсо Индиянын башкаруусундагы Арунахал Прадеш штаты Кытайга таандык деп доомат кылып жүрөт. Кытай ээ чыгып жаткан Тибеттин түштүк чыгышындагы штаттын аянты 90 миң чарчы чакырымга жетет.

Кытайдын премьери Вэн Цзябао дүйшөмбү күнкү пресс-конференцияда Бээжин-Жаңы Дели ортосунда кол коюлган келишимдерди мындайча мүнөздөдү:

-Биз Кытай-Индия чек ара чатагын жөндөөдө саясый негиздерди жетекке алалы деп макулдаштык. Премьер-министр Манмохан Синх менен болгон сүйлөшүүлөр биздин кызматташтыгыбызды дагы бекемдээрине мен ишенем.

Эки арадагы сооданын дүркүрөп өсүүсү Жаңы Дели- Бээжин ортосундагы чек ара чатагынын басаңдашына өбөлгө түзөрү шексиз. Акыркы жылдары Индия-Кытай арасындагы соода жылына 30 проценттен өсүп, быйыл 14 миллиард долларга жетти. Кытай азыр Индиянын Кошмо Штаттардан кийинки эң чоң соода өнөгү.
Кызматташуусу илим-технология жаатында да өнүгүүдө. Индиянын технологиялык билим берүү фирмасы 1998-жылдан бери Кытайдын 23 провинциясында компьютердик программаларды түзүүгө үйрөтүүчү 100 борборду ачты.

Премьер-министр Вен жекшемби күнү Индиянын маалымат технологиясынын борбору эсептелген Банголар шаарында болгон кезде илим жана технология тармактарындагы кызматташууну дагы жакшыртууга чакырды. “Эгерде Индия жана Кытай маалымат технолоиясы өнөр жайында эриш-аркак иштесе, биз дүйнөнү алга жетелейбиз...Ошондо маалымат технология өнөр жайынын борбору Азияга келет”.

Айрым эксперттердин айтышынча, Азиянын дөө-шаалары саналган Индия менен Кытайдын экономикалык кубатынын өсүүсү инвестиция, газ, мунай жана башка тартыш ресурстар үчүн болгон күрөштү, эларалык базардагы атаандаштыкты ого бетер курчутат.

Жаңы Делидеги сүйлөшүүлөр маалында Тибеттин сүргүндөгү руханий көсөмү Далай Ламанын саясый орду жана Тибет маселеси талкууга алынган-алынбаганы белгисиз бойдон калды.