Айдоочулар иш ташташты

БИШКЕК. 11-апрелде Бишкек шаарынын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын айдоочулары иш ташташты. Алар күйүүчү майдын баасын арзандатууну, андай болбогон шартта жүргүнчүлөрдүн жол киресинин наркын эки эсе көтөрүүнү талап кылышты. Айдоочулар менен Бишкек шаар мэринин орун басары Арстанбек Ногоев жолугушту. Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинде да талкууланып, ал боюнча чечим кабыл алууга дагы эки күн талап кылынары белгиленди. Ушул эле күнү «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын вице-президенти Улан Базаркулов күйүүчү май арзандабай тургандыгын жарыя кылды. Ал муну Казакстандан сатып алынган майдын кымбаттыгы менен негиздеди. Казакстан жазгы талаачылык жумуштарына байланыштуу ар жылы күйүүчү майдын баасын февраль айынан июнь айынын этегине чейин көтөрөт. Учурда Бишкектин май куюучу жайларында солярканын баасы 16 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкекте жүргүнчүлөрдү 4 миң чакан автобус ташыйт. Алардын 80% иш ташташты. Ушул эле күнү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев күйүүчү майга байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу үчүн кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Мындай пикирин ал ЕККУ төраганын өкүлү Алоизо Петерле менен жолугушууда билдирди.