ЧАРЛЬЗ МЕНЕН КАМИЛЛА БАШ КОШТУ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Британиянын мураскор принци Чарльз өзүнүн көп жылдан берки көңүлдөшү Камилла Паркер Боулска үйлөндү. Ошентип бул нике Принц Чарльз менен Камилла Паркердин 30 жылдан берки мамилелерин мыйзамдуу бекитти. Бирок Чарлздын биринчи жубайы принцесса Диананын жаркын элеси көптөгөн британдыктардын жүрөгүнөн кете элек ошондуктан алар өлкөнүн башында турган Виндзорлор үй бүлөөсүнө Камилланын кошулуусун анчейин жактыра беришкен жок.
9-апрелде принц Чарльз менен Камилла Паркер Боулз Виндзор сепилинде бири-бирине өмүрлүк жолдош болууга макулдук сөзүн беришти. Андан соң алар Виндзор сепилинин Ыйык Георгий чиркөөсүндө Кантербуринин архиепископунун жетекчилиги үйлөнүүнүн диний жөрөлгөсүн өткөрдү.

Үйлөнүү үлпөтүнө принц Чарлздын эки уулу, бир туугандары, падышанын башка үй бүлө мүчөлөрү, Камилла Паркердин эки баласы, атасы, мурдагы күйөөсү, жана Европа падышаларынын үй бүлөө мүчөлөрү катышты. Ошону менен бирге эле тойдо Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр жубайы менен болушту. Никелешүү аземин Чарльз менен Камилланын жакшы көргөн Гендельдин музыкасы коштоп турду.

Бирок бул аземди 1981-жылы принц Чарльз менен Уэлздин принцессасы Диананын үйлөнүү салтанаты менен салыштырып болбойт. Анда Чарльз менен Диананын үйлөнгөнүн телевидение аркылуу дүйнөдөгү миллиондогон адамдар көрүп, миллиондогон британдыктар Британиялынын эң сулуу кыздарынын бири падыша тактысынын мураскеринин өмүрлүк жары болуп калганына чексиз кубанышкан. Жаңы үйлөнгөн жубайлардын Бакингем сарайында өткөн үйлөнүү үлпөтүн көргөн миңдеген адамдар кол чаап, куттуктап, жакшы тилектерин айтышкан эле.

Бирок тилекке каршы бул салтанаттар жубайлардын бактылуу жашоосуна өбөлгө түзө алган эмес. Принц Чарлздын Камилла Паркер менен болгон көңүлдөштүк мамилелерине чыдай албаган прицесса Диана акыры 1996-жылы эки балалуу болгон соң принц Чарльз менен ажырашууга мажбур болгон. Андан бир жыл өткөндөн кийин принцесса Диана Парижде автокырсыкта каза болгон. Мунун баары британ коомчулугунда Камиллага болгон жагымсыз мамилени күчөткөн.

Арийне акыркы жылдарда британдардын Камиллага карата мамилеси бир топ оңолуп калды. Бирок принц Чарлздын Камилла менен баш кошуусун көптөгөн британдыктар азыр да кубаттабайт. Лондондук комментатор Брюс Андерсон мындай деп баяндайт:

- Принц Чарльздын экинчи жолу үйлөнүүсү көптөгөн проблемалар менен коштолууда. Анын биринчи жолу үйлөнгөнүн көптөгөн адамдарды кубандырган эле. Анткени өлкөнүн эң сулуу кыздарынын бири принцтин өмүрлүк жары жана принцесса болуп калган эле. Бул принцтин зоболосун көтөргөн. Көптөгөн адамдар Диананын бактысыз болушунда принц көнөөлүү, деп эсептешкен жана мындай пикир көптөгөн адамдардын аң сезимине сиңип калган,- дейт Андерсон.

Принц менен Камилла көп жыл бою көңүлдөш болуп, Диананын бактысына балта чапкандыктанбы, көптөгөн британдыктар Камилланын бир кезде британ падышасынын жубайы катары падышалык статуска ээ болуусуна да каршы.

- Кийин Чарлз падыша болгондо, Камилла падышалык статуска ээ болбоого тийиш. Анткени бул таптаркыр акылга сыйбаган нерсе болот,- дейт бир карыя.

- Мен Камилланын кийин падыша болуусуна каршымын. Чарльздын алгач алганы принцесса Диана болучу, падышанын жубайы болуу укугу Дианага таандык эле. Ал эми Диана арабызда жок,- дейт дагы бир жаш жигит.

Бирок мындай пикирлерди баардык эле британдар бөлүшө бербейт:

- Өзүнүн башындагы дөңгөчтү көрбөй, элдин баары эле Чарльз менен Камилланын башындагы чөптү көрсөтүшөт. Алар Чарлздын өлкөгө жасаган жакшылыгын эстегилери келишпейт. Чарльз менен Камилланы жайына койуу керек, алар да өмүрдүн жыргалын көрсүн. Алар бири-бирин жаш кездеринен жакшы көрүшөт жана принцесса Дианага караганда өздөрүн алда канча сыпаа алып жүрүштү.

Дегинкисин үйлөнүү үлпөтүнө көптөгөн нерселер кедерки болгонун белгилей кетүү керек. Алгачында үйлөнүүгө ырасмий уруксаат алуунун өзү чоң маселе болду, андан соң үйлөнүү үлпөтүн Виндзор сепилинде өткөрүү да талапка туура келбесин, анткени андай болгон учурда Виндзор сепилинде үйлөнүү укугу үч жыл бою башка, падышалык сословиеге тийешеси жок адамдарга берилүүгө тийиш болучу.

Андан соң Падыша Елизавета үйлөнүү үлпөтүнүн жарандык бөлүгүнө гана катыша турганын жарыялап, чиркөөдөгү үлпөт менен тойдун өзүнө барбай турганын билдирди. Эң соңунда Папа Иоанн Павелдин Экинчинин тажиясына байланыштуу алгач 8-апрелге белгиленген үйлөнүү тою 9на которулду.

Баш кошуу салтанатына Европа падышаларынын үй бүлөөлөрү чакырылган, бирок алардын айрымдары тойго келе албай тургандыктарын билдиришти. Даниянын мураскер принци Фредерик Гренландияга экспедицияга кетип жатканына байланыштуу келе албасын айттырды. Швециянын принцессасы Виктория болсо Японияга саякаттап кетти. Ал эми Испаниянын мураскер принци Филип жана анын жубайы Летиция Чилинин президенти Рикардо Лагоско Саламанка университетинин доктору наамы тапшырылып жатканына байланыштуу, Чилиге кетип жатканын маалымдашты.