Дүйнөлүк маалымат каражаттары соңку күндөрү Кыргызстанда орун алган окуяларга кылдат көз салып, аларды буга чейин элдик ыңкылап аркылуу бийлик алмашкан Грузия жана Украинадагы окуялар менен салыштырууда. "Кыргызстандагы бийликтин алмашуусу оппозиция үчүн да күтүүсүз болду" деп белгилеген чет элдик байкоочулар эми өлкөдө кырдаал тынчыйбы, бийликке чыныгы демократтар келдиби? – деген суроолорду талдап жатышат.
"Вашингтон таймс" гезити ишемби күнкү санында "Кыргызстандын АКШдагы жаңы өкүлү – мурдагы диссидент журналист" деген макала жарыялады.
Анда көп жылдардан бери Кыргызстандагы коррупция, Аскар Акаевдин бийлигинин былыктуу иштерин ачык жазып, куугунтукка кабылып, түрмөгө отуруп чыккан журналист Замира Сыдыкова Вашингтонго чабарман болуп дайындалганы – жакында өткөн элдик ыңкылаптын жагымдуу көрүнүшү катары сүрөттөлөт.
Жума күнү АКШнын башкалаасына барып түшкөн Замира Сыдыкова кабарчыларга: "Мен эч убакта элчи болом деп ойлогон эмес элем. Бирок журналист кезимде Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүн канчалык эңсеп аракет кылсам, эмки жаңы кызматымда деле ошол кыялымдан жазбайм", - деп билдирген.
"Вашингтон таймстагы" ушул эле макаланын аягында Конгрессте сенатор Браунбек Кыргызстандагы болочок президенттик шайлоого байкоо салчу миссияга кошумча акча бөлүү жөнүндөгү мыйзам долбоор сунуштаганы айтылат.
"Интернэшнл Хералд Трибюн" басылмасы жума күнкү санында Кыргызстандын парламенти экс-президент Аскар Акаевдин жаңы макамын аныктамайынча анын отставкасын кабыл алуудан карманууда деп кабарлайт. "Мурдагы кыргыз президентинин 18 мүнөттүк соңку кайрылууусу көрсөтүлгөндөн кийин парламентте эч ким кол чапкан жок, Бишкектин катардагы жашоочусу Шайыргүлдүн: "өлкөсүн таштап качып кеткен кишинин айтканын угуп отургандан да уялат экенсиң" деген сөздөрү көпчүлүк кыргызстандыктардын маанайын чагылдырат", - деп баяндалат "Интернешнл Хералд Трибюндагы" редакциялык макалада.
Дегинкиси, дээрлик бардык Батыштык маалымат каражаттары Аскар Акаев убагында КМШ аймагындагы эң реформачыл жетекчи катары кабыл алынганын, кийин ал башындагы багытын өзгөртүп, коррупция, саясий куугунтукчул, жеке бийлигин күчтөндүрүү аракетине өткөнүнө басым жасалат. "Экономист" басылмасы маселен, Акаев акыркы кайрылуусунда "мен Кыргызстанды жарандык согуштан сактап калдым" деп басым жасады, бирок андай согуш болооруна эмнеден улам катуу ишенип алганын айткан жок деп таңданат.
Чет элдик маалымат каражаттары эң башкысы "Кыргызстандагы ынкылаптын натыйжасы кандай болот? Аны Украина жана Грузиядагы окуялардын уландысы катары кароого болобу?" – деген суроону кызуу талдап жатышат. Вашингтон университетинин профессору Келли Макманн Кыргызстан, Украина, Грузиядагы окуялардын окшоштуктарына төмөнкүдөй токтолду.
- Бул 3 өлкөдөгү окшоштуктарды алсак, үчөөндө тең элдик көтөрүлүштүн башкы себепчиси адилетсиз шайлоо болду. Андан сырткары баарында тең бийликтеги коррупция, элдин жакыр жашоосу орун алган. Ошондой эле үч өлкөдө тең жарандык коом, бейөкмөт уюмдардын активдүүлүгү жана бийликтен кулатылган жетекчилик элге каршы курал колдонбогону – жалпы көрүнүштөр болду, - дейт Вашингтондук эксперт.
Батыштык гезиттер жана байкоочулар Кыргызстанда кандай ыңкылап болгону, Бишкектеги өкмөт үйүн басып алуу, андан кийинки талап-тоноолордун артында ким турганы алигиче даана билине элек деп белгилешет. Убактылуу өкмөттүн кийинки аракеттери мындай суроолорго жооп берет деп күтө туралы деген пикирлер айтылууда.
Орусиялык маалымат каражаттарындагы Кыргызстанга арналган макалалардын маанайы таптакыр башкача. Москвадагы эл аралык мамилелер институтунун профессору Сергей Лузяниндин пикири алардын жалпы мүнөзүн чагылдыра алат.
- Бул эми кадимки Чыгышка мүнөздүү окуя болду. Грузия, Украина менен салыштырып болбойт. Кыргызстанда илгертен келаткан уруулар, кландар ортосундагы күрөш гана уланууда, - дейт Москвалык профессор Лузянин.
Кыргызстанда ушу тапта уланып жаткан саясий талаштар, мурдагы президенттин отставкасын кабыл алууну создуктуруу, элдин нааразычылык акциялары, жерди басып алуулар – бардык чет элдик маалымат каражаттарында "кыргызча" ыңкылаптын кесепеттери катары сүрөттөлүүдө.