БИШКЕК Талас облусунун №55 Бакайата округунун 18 шайлоо участкасында кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Мындай чечим аталган округдан парламентке талапкер Жусуп Иманалиевдин апелляциялык арызын 9-апрелде караган Жогорку сот тарабынан чыгарылды. Бул күнү эртең менен Жогорку соттун алдына Жусуп Иманалиевдин жана ушул эле шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбековдун жактоочулары нааразылык акцияга чыгышты. Жээнбековдун тарапкерлери парламенттик шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, Жусуп Иманалиев добуштарды сатып алуу аркылуу депутаттык мандатка ээ болду деген пикирин билдирип турушту. Ал эми Иманалиевдин жактоочулары болсо, тескерисинче, аталган округдагы парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, акыйкат өткөндүгүн айтып жатышты. Жогорку соттун чечими маалымдалган соң, Жусуп Иманалиевдин тарапкерлери Ак үйдүн алдына барып, өкмөт жетекчилери чыгып, алар менен жолугушуусун талап кылышты.