Каирдин базарында бейшемби күнү болгон тероордук жардыруудан өлгөндөрдүн саны 3 кишиге жетти

КАИР. Каирдин базарында бейшемби күнү болгон террордук жардыруудан өлгөндөрдүн саны 3 кишиге жетти. Расмий маалыматтарга караганда алардын бирөө франциялык турист. Жардыруудан баары болуп 18 киши жаракат алды, алар Эгипеддин, Франциянын жана Американын жарандары. Бийликтер жардырууну жан кечти террорчу ишке ашырганын божомолдошот.