Ооганстанда Американын учагы кыйрап, андан 9 киши набыт кетти

КАБУЛ. АКШнын аскердик өкүлдөрү Ооганстандын түштүк чөлкөмдөрүндө Американын аскердик тик учагы кыйрап, андан 9 киши курман болгондугун маалымдады. Өкүлдүн болжолунда Кабулдан 125 чакырым жерде болгон кырсыкка аба ырайынын начар болушу себеп болгон. Маалыматтарга караганда тик учакта бараткан баардык кишилер жан таслим болду, алардын төртөө америкалык экипаждын мүчөлөрү.