Ливандын Бекаа өрөөнүндөгү маанилүү көзөмөл бекет жергиликтүү аскерлердин колуна өттү

Байкоочулар муну менен Ливанда 30 жылдан бери турган сириялык аскерлерди чыгаруунун жыйынтыктоочу этабы башталды деп эсептешет. БУУнун атайын өкүлү Терье Род –Ларсен Бейрутта бүгүн ливандык жетекчилер менен сүйлөшүү өткөргөн соң буларды маалымдады:

-Сириялык жоокерлердин жана аскерий аппараттын кетүүсүн текшерүү жараяны, албетте, биз сөз кылган маселелердин бири жана азыр муну ишке ашыруунун практикалык ыкмаларын талкуулап жатабыз.

Сирия жетекчилиги менен кечээги жолугушууларынан кийин Терье Род –Ларсен Дамаск Ливандагы аскерлери менен атайын кызматтарын 30-апрелге карата толук чыгарып кетүүнү убада кылып жатканын билдирген. БУУ өкүлүнүн айтымында, Сирия президенти Башар Асад сириялык аскерлердин кетишин көзөмөлдөө үчүн Ливанда эл аралык байкоочулардын болушуна макулдук берген.