Сарпашов Мадияровду теледебатка чакырды

БИШКЕК. № 21 Токтогул шайлоо округунан депутаттык мандат алган талапкер Тайырбек Сарпашев 4-апрелде Бишкекте журналистер үчүн маалымат жыйын өткөрдү. Ал шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча талаш-тартыш Токтогул райондук сотунда каралып жаткандыгын билдирди. Таирбек Сарпашев өзүнүн атаандашы Токтосун Мадияровду нааразылык акциясын токтотуп, талаш-тартышты мыйзамдуу жол менен чечүүгө үндөдү. Ошондой эле Таирбек Сарпашов өз атаандашы Токтосун Мадияровду Кыргыз улуттук теле корпорациясы аркылуу жекеме-жеке теледебатка чыгууга чакырды. Эске сала кетүүчү нерсе, шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгына нааразы болгон талапкер Токтосун Мадияровдун жактоочулары бир нече күндөн бери Токтогул район борборунда нааразылык акциясын улантышууда.