БИШКЕК. Кыргызстандын күч структураларынын координациялык кеңешинин чечими боюнча, Ички иштер министрлигинин тергөө тобуна баңги заттарына көзөмөл кылуу агенттигинин, бажы кызматынын жана финансы полициясынын адистери тартылып, ыңкылап маалындагы кылмыштарды тергөө боюнча күч структураларынын милдеттери бөлүштүрүлдү. Ага ылайык, Башкы прокуратура чет өлкөлүк инвесторлор, Улуттук коопсуздук кызматы өкмөт үйү жана талап-тоноону уюштуруучулар, ал эми Ички иштер министрлиги жеке ишкерлердин арыздары боюнча иш алып барат. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун айтымында, эң ириде жапа чеккен ишкерлердин арыздарын териштирүү зарыл. Анткени, 144 кылмыш иши ачылган менен анын 10-20% гана ачылды. Ал эми арыз менен кайрылгандардын саны күнүнө 30-40тан кем болгон жери жок.