Токон Шайлиева жаңы бийлик менен иштешүүгө кызыкдар

БИШКЕК. Ысыккөл обласынын мурдагы губернатору Токон Шайлиева 31-мартта Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугуша албай жаткандыгын маалымдады. Шайлиева ошондой эле өзүнүн Кыргызстандын жаңы бийлигин колдоп мурдагы кызматында иштөөгө кызыкдар экендигин эскертти. Журналистердин 24-мартта эмне үчүн Ыссыккөл обласынан качып кеттиңиз деген суроого ал «кыйын мезгилде өлкөнү таштап качып кете турган адам эмесмин» деп жооп берди.