Кыргызстанда жооптуу кызматтарга жаңы дайындоолор болду

БИШКЕК. 30-мартта Кыргызстандын премьер-министри, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп Таштемир Айтбаев дайындалды. Ушул эле күнү премьер-министр Таштемир Айтбаевди аталган кызматтын жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу 30-мартта өкмөт үйүнөн маалымдашты. 26-мартка чейин Улуттук коопсуздук кызматына Калык Иманкулов төрагалык кылып келген. Ушул эле күнү президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Ишенгүл Болжурова Токтобүбү Айтикееванын ордуна өлкөнүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп, ал эми Данияр Үсөнөв Жоомарт Оторбаевдин ордуна экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министрдин милдеттерин убактылуу аткарууга дайындалды.