БИШКЕК. 30-мартта Бишкектин борбордук Алатоо аянтында “Адилет”, “Биримдик” кыймылынын 60 ашуун мүчөсү нааразылык билдирип чыгышты. Алар убактылуу өкмөттөн жаңы Жогорку Кеңешти таратууну талап кылышууда. Парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн, көпчүлүк депутаттар добуш сатып алуу менен келгендигин, соттордун туура эмес чечимдерине нааразылык билдирип жатышканын аталган кыймылдын жетекчиси Руслан Шаботоев билдирди.