"Синьхуа" маалымат агенттигинин тараткан кабарына караганда бүгүн кыргыз-кытай чегарасы ачылды. Ырасмий Пекин Кыргызстандагы 24-мартта болгон ыңкылаптан улам коопсуздук максатында Шиңжан-уйгур автоном району менен Кыргызстан чектешкен жердеги бекеттерди жаап салган болчу.