БИШКЕК. «Акүйдүн имаратында көптөгөн ок атуучу куралдар бар болчу, Улуттук гвардиянын аскерлерине пикетчилерге каршы ок атпоого буйрук бергем”, деп билдирди Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев 27-мартта “Азаттыкка” Анын айтымында, 24-мартта Акүйдүн имаратына кирген бир нече жаш жигиттер Чотбаевди ур-токмокко алганда, бир кабыргасы сынып, башынан жаракат алган. Учурда ал үйүндө дарыланууда.