КУРМАНБЕК БАКИЕВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО БАРАТ, АСКАР АКАЕВДИ КУУГУНТУКТАБАЙТ

Кыргызстан мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу жана убактылуу өкмөттүн башчысы Курманбек Бакиев маалымат жыйынын уюштурду. Бирок, ал мурда белгиленгендей, өкмөт үйүндө эмес, коопсуздук кызматынын имаратында өтүп, ал белгиленген мөөнөттөн эки саат кеч башталды. Муну өкмөттүн маалымат кызматы Бакиевдин өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгы менен байланыштырды.
Мындай маалыматты пресс-конференцияда Курманбек Бакиев:

- Мага кол салуу боюнча маалыматтар түшүп атат. Бирок, кудайга шүгүр, кудай сактасын, азырынча аман-эсен турам, - деп бышыктады.

Бакиевдин билдиргенине караганда, парламенттин чечимине ылайык, президенттик шайлоо 26-июнда өтөт жана бул шайлоого катышууга анын ою бар:

- 26-июнда боло турган президенттик шайлоо боюнча, мен катышуум керек деп ойлойм, кудай кааласа катышабыз.

Анын оюнда Аскар Акаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы жок болгон жагдай деле чукул президенттик шайлоонун мыйзамдуулугуна тоскоол боло албайт. Ал эми биринчи президент Аскар Акаевди эч кандай куугунтуктоо болбойт:

- Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи президент катары түбөлүк калат. Ал кыргыз мамлекетинде демократияны, жаңы мамлекеттик түзүлүштү орнотууда, эгемендик орнотууда көп иш кылды. Ал улуттук валютаны, жеке менчикти, жерге менчикти киргизүү жаатында кыйла иш жасады. Андай иштери көп.

Акаевдин коопсуздугу, кол тийбестиги «Экс президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү» мыйзамдын чегинде сакталат.

Маалымат жыйынында Бакиев кошуна Казакстан, Өзбекстан президенттери Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов менен али мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары байланыша элек. Муну өкмөт башчы убактысынын жетпей жаткандыгы менен байланыштырып, жакын аралыкта бул кенемтени толтурарын кабарлады. Ал Казакстан менен Өзбекстан лидерлерин өз өлкөлөрүнө көп иш жасаган лидерлер катары терең урматтайт. Буга чейин бул эки өлкө тарабынан Бакиев менен байланышуу аракеттери жасала элек, бирок, окуяга өз бааларын маалымат каражаттары аркылуу билдиришүүдө. Кыргызстандагы жагдайга бир күн мурун Россиянын президенти Владимир Путин да билдирди:

- Мен оппозиция лидерлери өз элинин алдындагы жоопкерчилигин сезип, кырдаалды тезирээк колго аларына, жагдайды оңдооруна абдан үмүт кылам. Россия өз тарабынан Кыргызстан менен Россия ортосундагы мамлекеттик байланыштын деңгээли сакталышы, ал эми мамилелер өнүгүшү үчүн бардык аракетин жасайт

Курманбек Бакиев Кыргызстан Россия менен буга чейинки терең мамилени өркүндөтүүгө айрыкча кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында кечээ Бакиев Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн жана анда Кыргызстандын жазгы талаачылык жумуштарына көмөк көрсөтүү маселеси талкууланган.

Бакиев ошондой эле чет өлкөлүк элчиликтердин ичинен аны өкмөттүн башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу катары алгачкылардан болуп АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг куттуктаганын кабарлады:

- Мен сиздин сурооңуздан пайдаланайын, биринчилерден болуп биякка келип, мени АКШ элчиси Стивен Янг куттуктады. Мени ал өзүнүн жана АКШ өкмөтүнүн атынан куттуктады. Анан биздин мамилелер буга чейин кандай өнүксө,ошондой өнүгө берерин, Кыргызстан менен АКШ ортосундагы бардык макулдашуулар толугу менен аткарыларын билдирди.

Ал эми ЕККУ өкүлү Маркус Мюллер менен Бакиев маалымат жыйыны бүтөрү менен жолугаары маалымдалды.

Бул маалымат жыйынында «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Куловго байланышкан маселе да көтөрүлдү. Бакиевдин айтымында, аны актоо милдети өкмөт башчынын эмес, соттун колундагы иш. Учурда Кулов Курманбек Бакиевдин суранычына ылайык өлкөдө тартип орнотуу жаатында коомдук башталышта көмөк көрсөтүп атат.

Бакиев уюштурган маалымат жыйыны бир саатка созулуп, ага журналисттер ар кыл өңүттө суроолорду беришти. Бакиев мамлекеттин башчысынын милдетин аткаруучу катары өлкөдө, бейкуттукту, тартипти калыбына келтирүүнү атап, өз ишмердүүлүгүндө Акаевдин катачылыгын кайталоону калаабастыгын билдирди:

- Катачылыктардын бири - бүткүл эл шайлаган президент чечим кабыл алууда өз бүлөсүнүн кийлигишүүсүнө жол берүү болду. Мамлекетти башкарууда, кадр тандоодо, экономикалык маселелерди чечүүдө аялынын, балдарынын киришүүсүн мен караманча жол берилбей турган нерсе деп эсептейм. Бул биринчиден. экинчиден прессага кысым жасоого, басма сөз эркиндигин куугунтуктоого жол берүүгө болбойт.