24-МАРТТАГЫ БАШАЛАМАНДЫККА СПОРТЧУЛАР ДА КАТЫШКАНБЫ?

Учурда эл арасында «24-марттагы Алатоо аянтындагы толкуган элге ак шапкечен спортчулар каршы туруп, мушташ чыгарды» өңдүү пикирлер айтылууда. Мунун чын-бышыгын иликтөөгө алдык.
24- марттагы окуяга байкоо жүргүзгөндөрдүн маалыматына караганда, Алатоо аянтында митинг өткөрүлүп жатканда ак шапке кийген спортчулар демонстранттарды сабап, мушташ чыгарышкан. «Бул жигиттер Кыргыз дене тарбия инситутунун студенттери» деген пикирди «Келкел» жаштар бирикмесинин өкүлдөрү айтышууда. Бул күнү жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүп, бир дагы студент Алатоо аянтына барбаганын Кыргыз дене тарбия институтунун проректору Токтобек Иманалиев айтып, мындай деди:

-Биздин студенттердин атын сатышып, жаманатты кылууга аракет кылгандар болду. Бул күнү бир дагы студентибиз Алатоо аянтына барган жок.

Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери митингге келишкенин, бирок мушташ чыгарбаганын ушул мекеменин төрагасы Өкмөтбек Алмакүчүков дагы айтып, мындай деди:

- Бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери сыяктуу эле биз дагы Алатоо аянтына барганыбыз чын. Бирок биздин спортчулар чыр-чыгарып, элди сабаган жок. Бактын ичинде тынч олтуруп, эл таш менен ура баштаганда кетип калышты.

Төраганын айткандарына кайчы пикирди өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин мурдакы президенти Эшим Кутманалиев айтып, Аскар Акаевдин бийлигин коргоого спортчулар катышканын бышыктады:

- Кыргыз спорт комитети Акүйдү коргоо үчүн аянтка барып, элге каршы турганын телекомпаниялардын кабарчылары айтышты. Спортчулар алдын ала даярдалып, толкуган элди сабап, кырдаалды курчуткан. Чындыгын айтыш керек, элге каршы чыкпагыла деп бир нече жолу эскерткем. Эми каталыктарын моюнга алып, элдин бейкуттугун сактоого салым кошуусу зарыл.

Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Осмоналиев бул окуя тууралуу өз пикирин мындайча билдирди:

- Биздин жигиттер колуна сойул, таш алып элге каршы чыккан жок. Ак шапке кийген чоочун жигиттер биздин спортчулардын бетине көө жапты.

Өкмөт үйү демонстранттар тарабынан алынганда айрым иш бөлмөлөрдөгү компьютерлер, отургуч, үстөлдөр талкаланган. Эл биримдиги координациялык кеңеш ушул өңдүү тартип бузууларга жол бербөө үчүн жалпы калайыкка кайрылуу менен чыккан.
Ошого карабай Бишкектеги "Бета сторес", "Силку увей", "Дордой плаза", "Айчүрөк" жана "Народный" деген жана башка - ири дүкөндөр кечээ таланып-тонолду. Алардын арасында Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын жаш спортчулары жоктугун ушул окуу жайдын директору Касымкул Оңолбеков билдирип, мындай деди:
-Үч күндөн бери бир дагы жаш спортчуну жатаканадан чыгарган жокпуз. Түңкү талап- тоноолорго биздин спортчулардын катыштыгы жок.
Учурдагы жаңы бийликке спортчулар жардам берип, элдик кошуундар менен тынчтыкты сактоого даяр экенин өлкөнүн грек- рим күрөшү федерациясынын вице- президенти Алмаз Касенов билдирип, мындай деди:
-Ак шапке кийип чыккандар кимдердин жигиттери экендигин мезгил өзү таразалап койот. Биздин балбандар Иранда мелдеште жүрөт. Ал эми башка жигиттер Ысыккөлдө машыгууда болчу. Эми жаңы өкмөттү ар тараптан колдоого алып, жардам берүү зарыл.
Бул күндөр тарыхта калаарын Азиянын көп жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары Раатбек Санатбаев билдирип, элди тынчылыкка үндөп, спортчуларды күнөөсү жоктугун айтты.
Кыргызстандык машыктыруучулар, спорт жетекчилири эл тынчтыгын сактоонун зарылдыгын, жаңы бийликти колдоого даяр экендигин билдирип, жалпы коомчулукка кайрылуу кабыл алышты.