Молдова парламентинин жаңы төрагасы болуп, европачыл коммунист Мариян Лупу шайлады. Ал буга чейин экономика министри болуп иштеген эле. Компартия өкүлүнүн парламент төрагалыгына келиши, президент Владимир Воронин 4-апрелге белгиленген шайлоодо президенттике кайра шайланыш үчүн талап кылынган добушту топтой аларын ишара кылууда. Бул үчүн парламенттеги 101 депутаттын 61 добушун алуу талап кылынат.
Президент Владимир Воронин лидерлик кылган Коммунисттик партия соңку парламенттик шайлоодо 101 орундун 56cын алган. Калган 45 орун оппозициядагы Молдова Демократиялык партиясы менен Христиан-демократиялык партияга таандык. Эгер парламент президенттике үч айлампада шайланбаса, парламент таратылып, кайра шайлоо өткөрүлөт.
Молдова коммунисттери парламенттин 2000-жылдан бери көзөмөлдөөдө.