Бишкек-Ош авто жолу Чычкан капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө тосулууда

БИШКЕК. 23-мартта Бишкек-Ош автожолунда Чычкан капчыгайында, Суусамыр өрөөнүндө автожол бетон менен тосулуп, бир автоунаа өткөндөй жагдай атайын түзүлгөндүгүн Ош шаарынан келаткан атын айтпоону өтүнгөн журналист билдирди. Ал эми ушул эле күнү Чүй облусунун Карабалта шаарына жакын Сосновка айылындагы Мамлекеттик автоинспекциясынын көзөмөлдөө пунктунда түштүк аймагынан келаткан автоунаалардын жана жүргүнчүлөрдүн документи 20 милиция кызматкери тарабынан текшерилип өткөрүлүп жатты.

Ушул эле күнү Чүй облусунун Москва районунун Аксуу шаарчасында пикетчилер боз үй тигишип, “Түндүк+түштүк”, “Президент кызматтан кетсин” деген плакаттарды илип, жол жээгинде 100дөн ашуун киши нааразылык билдирип турушту.

“Пикетчилердин экөөнү райондук администрация жетекчилери администрация имаратында кармап, пикетти токтотуусун талап кылышкан”,- деп экс-депутат Эркин Бөлөкбаев билдирди.