Бишкекте полиция ондогон демонстрантты камакка алды

БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндөгү башаламандыктарга байланыштуу 500 киши жоопко тартылышы ыктымал, деп билдирди баш прокурор Марат Суталинов. Өз кабарчыбыздын билдиришинче, бүгүн Бишкекте 300дөй киши катышкан нааразылык митингин милиция кубалап таркатып, ондогон кишилерди камакка алды. Аларга санкцияланбаган митингге катышкан, өлкөдөгү Конституциялык бийликти төңкөрүүгө үндөгөн деген кине койулду. Өлкөнүн түштүгүндө митингдер уланууда.