Роза Отунбаева оппозицияда ынтымак бар дейт

БИШКЕК. «Оппозицияда эч кандай пикир келишпестик жок» деп билдирди «Фергана.ру» интернет сайтына берген интервьюсунда «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева. Бир саясий форумга бириккен «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев буга чейин президент Аскар Акаевди кызматтан кетирип, чукул президенттик шайлоо өткөрүү, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабына каршы пикирин билдирип, «Кыргызстан элдик кыймылынын» демилгесин колдогон эмес. Учурда Текебаев Ош шаарындагы Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган массалык акциялардын алдында болууда жана муну саясатчы кырдаалдын өзгөрүп кеткендиги менен байланыштырды, ошондой эле азыркы шартта «Кыргызстан элдик кыймылы» менен тилектештигин билдирди. Ушул эле күнү Нарын округунан шайлоодон четтетилген талапкер, таасирдүү оппозициячыл саясатчылардын бири Ишенбай Кадырбеков Ош, Жалалабат облустарындагы элдин нааразылыктарын колдой тургандыгын, бирок бул иш чараларды координациялап жаткан оппозициялык күчтөр менен бул багытта кызматташуу боюнча бир чечимге келе электигин билдирди. Учурда эл биримдиги координациялык кеңешке «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиев жетекчилик кылууда.