Муса Мураталиев, Москва Кыргызстанда шайлоодон кийин пайда болгон саясий тирешүү Орусиянын кайсы бир калааларында кепке алына баштады. Андан тышкары 21-март күнү кечинде Кыргызстандын Москвадагаы элчилигинин астында кыргызстандыктар пикет өткөргөнү жатканы айтылууда. Кыргызстандагы жагдайга орусиялык анализчилдер да өз пикирлерин айтышууда.
Дүйшөмбүнүн таңында “Эхо Москвы” үналгысы ордо калаадагы Кыргызстандын элчилиги астында пикет өткөнү жатат деген кабарын таркатты. Интернет-сайт менен жеткен катта аны уюштурганыждаткан демилгелүү топтун дареги берилиптир. Алардын бири - жаш адис Нурлан Баяман болуп чыкты, биз аны менен телефон аркалуу байланыштык:
- Ал жерде биз баарыбыз петицияга кол коебуз. Кол койгондон соң аны элчиге бергенге аракет кылабыз. Ал өзгөчө шарт. Аны да Акаевдин моюнуна коюуга кудуретим жетет го деп турам. Кыргызстанда жашаганга эч кандай шарттар жок.
-Бул жерге, Москвага кандай шарттан улам келип калгансыздар?
- Эмне дегенде мен жаш адис катары Кыргызстанда иш таба албадым. Ошондуктан мен бул жерге кул болуп келдим. Бул жерде мендей жаштар аябай көп. Алар бул жакка жакшы жашоодон улам келишкен жок да. Аны эл түшүнөт. Алардын баары бул жакка жашоосуна тыйын табайын деген ойлор менен келишкен, - деди Нурлан жигит.
Ачыгын айтканда орусиялыктардын Кыргызстандагы саясий жагдай эмнеден улам курчуп баратканынан кабары жок. Мунун себебин бир анализчи Москва Киевде өткөн шайлоодо “оозун сүткө күйгүзүп алып эми айранды үйлөп ичип калышынан” дейт. Кай бирлери Украинанын кадырына Кыргызстанды салыштырып болбойт дешет. Эмнеси болсо да деп, Чыгыш таануу институтунун Шериктеш мамлекеттер тобун изилдөөчү бөлүмгө телефон аркалуу байланышып, илимпоз Сергей Панаринди кепке тарттык. Ал кармашып аткандардын бирине да жан тарткысы келбейт. Эмне дегенде, бул иште эки тараптын тең кызыкчылыгы бар:
- Мен (бийликтин – ММ) ырасмий айтканына да, оппозиция айтканга да ишенгим келбейт. Алардын ар биринин кызыкчылыгы бар.
Илимпоздун пикирине окшобогон ойду журналист Аркадий Дубнов айтты:
- Эл азыркы үй-бүлөлүк-олигархтык Акаев тобунун үстөм башкаруусунан тапкыр тажап бүттү.
Дагы бир маалыматты Орусиянын экинчи ордо калаасы Санкт-Петербургдан алдык. Ал калаада кыйладан бери жашачу боордошубуз Камбарова Дилярага телефон чалганыбызда ал Кыргызстанда жагдайдан кабары бар экенин айтты:
- Мен жаман чочулап турам. Кан төгүлүштөн жаман корком. Питерде (кыргыздар арасы – ММ) менимче тынч шекилдүү.
Эмнеси болсо да, алыстагы кыргыздардын санаасында эл арасы тынч болсо экен, бийлик талашуудан бөөдө ажал тапкандар болбосо экен тилек.