Кытайдын Тайван боюнча мыйзамы Евробиримдик үчүн курал эмбаргосун жоюу планын оорлотту

Бул тууралуу британ тышкы иштер министри Жек Стро билдирди. Анын айтымында, Кытай жакында Тайвандын көз карандысыздыгына каршы кабыл алган мыйзамдан соң эми Евробиримдик үчүн курал эмбаргосун жоюу кыйын болот. Кытайдын жаңы мыйзамы эгер Тайван көз карандысыздыгын жарыялоого умтулса, ага каршы күч колдонууну карайт.

Евробиримдик Кытайга каршы курал эмбаргосун 1989-жылы Пекиндеги демонстрациянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда кан төгүлгөндөн кийин киргизген. Евробиримдиктин ал эмбаргону жоюу планына АКШ каршы чыгып жаткан болчу.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Пекинде кытай президенти Ху Цзиньтао, премьер-министри Вень Цзябао менен сүйлөшүү өткөрдү. АКШ Мамлекеттик катчысы Вашингтон менен Пекиндин мамилеси алдыда "кызматташттык жана өз ара урматоонун" негизинде өнүгөрүнө ишеним билдирди. Ал эми Кытай өкмөт башчысы Вень Цзябао ал АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын алдын алууга багытталган мыйзамды колдойт, урматтайт, жана түшүнөт деген үмүттө экенин айтты.