Ош мамлекеттик администрациясынын имараты элдин колуна өттү

БИШКЕК. 21-мартта Ош шаарына он миңден ашуун адам нааразылык иш чарасына чыгышып, областтык админстрация имаратты кайрадан элдин колуна өттү. Топтошкон элди тосууга аракет кылган милиция кызматкерлери качып кетүүгө аргасыз болушту. Көп өтпөй милиция кызматкерлери ант беришип, эл тарабына өтүштү. Бул тууралуу нааразылык акциясына чыгышкан атуулдардын ош обласындагы штабынын башчысы Дүйшөн Чотонов маалымдады:

- Областтын жана шаардын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да өздөрүнчө чогулуш өткөрүшүп, эл тарапка өтүштү. Качып кеткен начальниктердин ордуна алардын орун басарлары жана элдин атынан бирден адам коюлду. Шаарда көзөмөлдүк кылыш, баш аламандыкка жол бербеш үчүн улуттук коопсуздук кызматынын областтык бөлүмүнө, мэрияга пикетчилерден жана милиционерлерден кошуп көзөмөлдүк кылууну күчөтүүдөбүз.
Нааразылык акциясынын катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.