ЖАЛАЛАБАТ МЕНЕН ОШ ОБЛАКИМЧИЛИКТЕРИ КАЙРА АЛЫНДЫ

Бүгүн - 20-мартта эртең менен тартип сактоо күчтөрү нааразылык иш-чараларын тынымсыз өткөрүп келген оппозициялык кыймылдардын өкүлдөрүнөн Жалалабат жана Ош облустук акимчиликтеринин имараттарын бошотуп алышты. Таңкы саат 5тин тегерегинде башталган атайын чаранын жүрүшүндө полиция жана аларды коштогон атайын жоокерлер бир нече ондогон демонстранттарды камакка алышты.
"Азаттык" үналгысынын Ош жана Жалалабаттагы кабарчыларынын маалымдашынча, нечендеген карапайым кишилер (алардын арасында аялдар) ур-токмокко алынды, айрымдары ал түгүл оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Камакка алынгандар абакка жеткирилгенде да саясий ураандарын чакырып, “Акаев кетсин!” деп кыйкырып жатышты.

Жалалабатта жана Ошто айрым каршылык көрсөтүү аракеттери болгону, полиция андай аракеттерди айоосуз жазалагандыгы тууралуу маалыматтар түштү. Азырынча ырасмий бийлик бул маалыматтарга карата өз мамилесин билдире элек.

Нааразылык чараларын уюштуруп жаткандар 4-марттан бери Жалалабаттагы облустук акимчиликтин кеңсесин, 18-марттан бери – Оштогу облустук акимчиликтин имаратын ээлеп турушкан. 15-мартта Жалалабатта, 19-мартта Ошто оппозиция өкүлдөрү шайлоого нааразы болгондор менен бирге элдик курултай өткөрүп, элдик кеңештин облустук төрагаларын шайлашкан.

Кыргызстандын башка аймактарында да соңку парламенттик шайлоону адилетсиз өттү деп эсептеп, миңдеген шайлоочулар демонстрация, пикет, митинг, жүрүш сыяктуу нааразылык чараларын уюштуруп келишти. Таластагы, Токтогулдагы, Кочкордогу жана башка айрым жерлердеги нааразылык чараларын уюштургандар да жергиликтүү акимчиликтердин кеңселерин ээлеп алышкан.

Ырасмий бийликтер бул нааразылык аракеттерди мыйзамсыз деп айыптап келсе, нааразылык чараларын уюштуруучулар шайлоонун адилетсиз өткөрүлүшүнөн жана бийликтердин акыйкатсыздыгынан улам атуулдар ушундай кадамдарга барууга мажбур болду деп бул аракеттерди актап, бийликти айыптап келет.

Кечээ Бишкекте Көкжар аймагында 2 миңдей киши катышкан митинг өткөн. Максим Горькийдин эстелигинин жанында да "Арнамыс" партиясы уюштурган нааразылык иш-чарасы болгон. Ал бүгүн да улантылат деп айтылган.

Сүрөттө: Ош шаарында 19-мартта өткөн Кыргызстан элдик курултайынан бир көрүнүш.