Жогорку сот Акылбек Жапаровдун шайлоочуларын колдогон жок

БИШКЕК. Жогорку сот №34 Кочкор округунан талапкердигин койгон Акылбек Жапаровдун шайлоочуларынын суранычын канааттандырган жок. Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу сунушу менен кайрылган арызды судья Лариса Гутниченко баштаган топ 19-мартта карады. №34 Кочкор шайлоо округунан дагы бир талапкер Турдакун Усубалиевдин арызын Биринчи май райондук соту 14-мартта карап, бардык талапкерлерге 63% каршы добуш берген 27-февралдагы шайлоо тыянагын жокко чыгарган. Жогорку соттун чечиминин негизинде эми БШК өз чечимин чыгарышы керек. Кочкор айылында болсо Акылбек Жапаровдун шайлоочулары райондук администрациянын имаратында нааразылык акциясын улантууда.