Жалалабаттагы митинг улантылды

ЖАЛАЛАБАТ. Жума күнкү митингде жогорку бийликтин кемчилиги менен парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар көп болуп, өлкөнүн туш тарабындагы күчөп жаткан нааразылык акциялары жөнүндө маалымат таркатылды. Айлыгы 15-30 пайызга көбөйдү деген кызматчылар менен ардагерлердин эмгек акы, пенсиясы жашоо жетпестиги, жаштардын келечеги бүдөмүк экени, кирешелүү жайлар чиновниктердин колуна өтүп, көпчүлүк калк жерден башка менчиктен кур калганына нааразылыктар билдирилди. Президент Аскар Акаев кызматтан кеткенде гана абал өзгөрөрү айтылып, башкы максатка жетүү үчүн шаар жана айыл калкын бирге болууга үндөөлөр жасалды. Ардагер аялдар менен көп балалуу энелер президент Аскар Акаев кызматтан кетсин деп ураан чакырышып жүрүштү. 18-марттагы митингге аны уюштуруучулардын маалыматы боюнча миңден ашык, ал эми ички иштер башкармасынын билдирүүсү боюнча эки жүз адам катышты.