КОЧКОР РАЙОНУНУН АКИМЧИЛИГИН ШАЙЛООЧУЛАР ЭЭЛЕП ТУРУШАТ

Күмөндөр Усупов, Кочкор 16-мартта Нарын облусундагы Кочкор райондук акимчилигин шайлоочулар басып алышып, жаңы элдик бийлик уюшулгандыгы жарыяланган. Ал эми 17-мартта үч миңдин айланасындагы адам катышкан митинг болуп өттү.
№34 Кочкор округунда 27-февралдагы шайлоонун жыйынтыгынын сот тарабынан бузулушуна нааразычылык билдиришкен Кочкор жана Жумгал райондорунун шайлоочулары 16-мартта топтолушуп, саат 14-15 чамасында Кочкор райондук акимчиликти ээлеп алышкан. Натыйжада акимдин ордуна элдик аким дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынып, Кочкор районунун айылдык кеңештеринин төрагалык кызматы киргизилип, төрагалыкка Чолпондун айыл башчысы Качыке Бейшебаев дайындалган. Ага райондогу айыл чарба жана саясий иштерди толугу менен аткаруу жагы милдеттендирилген. Сөз Качыке Бейшебаевде:

- Бул жерде акимчилик жок болгондуктан элдин бийлигин уюштуруп, айылдык кеңештердин төрагаларынын райондук төрагасы кылып эл мени шайлап жатышат. Бул жерде элдик бийлик кылабыз деп жатышат. Үч күндөн бери акимибиз, аппараттын бир да кызматкери жок. Эки күндөн бери укубузду талашкан адамдар түнөдүк акимчиликтин ичинде.

Акимчилик имараты 17-мартта да элдин бийлигинде болуп, митинг болуп өттү.

- Биз карып бүттүк. Келечекте силердин тагдырыңар үчүн силерден тилеп, сурап атабыз. Намысыңарды колго алгыла.

Кочкор элинин кайра толкундоого чыккан себебин минтип билдиришти:

- Атым Жаналиева Бүбүайша. Бул жерде он төрт миңден ашык киши нааразы болуп атабыз. Анткени мыйзамды тебелеген соттун чечими туура эмес. Ошондуктан ушул жерде кайра шайлоо болушун күтүп турабыз.

- Токтобек Исмаилов, Карасуу айылынан келдим, ардагермин. 15 миңден ашык шайлоочунун укугу тебеленип атат. Башкача айтканда биздин берген добуш жокко чыкты. Биз атуулдук укугубузду коргош үчүн туруп атабыз - деп түшүндүрүштү айрым тургундар.

Митингде Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Курманбек Осмоновго шайлоочулардын кайрылуусу окулду:

- Кочкор, Жумгал элине өздөрү каалаган талапкерин шайлап алуусуна мүмкүндүк берүү. 14 миң 691 шайлоочунун Кыргызстанга кереги жок болсо, Кочкор, Жумгал эли Казакстанга кайрылууга аргасыз болот же Казак Республикасынын Кочкор, Жумгал району деп атоосун сунуштоого мажбурбуз.

Кочкор айылында кечке чейин митинг улантылып, кечинде элдин саны беш миңге жетти. Элдин алдында депутаттыкка талапкер Акылбек Жапаров жана Нарын облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Жыргалбек Азылов маалымат беришти.