ЖАЛАЛАБАТТА МИТИНГ УЛАНУУДА

  • Ырысбай Абдыраимов
17-мартта Жалалабат облустук бийлигинин имаратынын ичинде жана сыртында тынымсыз жааган жамгырга карабай улантылган митинг президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылды. Ошону менен бирге Аксы окуясына адилет баа берилбегени үчүн бийликти катуу сынга алышты. Митингчилер уруу-улутка бөлүнбөй, азыркы бийлик толук алмашканга чейин бирге болоорун билдиришти. Жогорку бийлик элдин ишениминен алда качан ажырап, адам укугу эске алынбай, жакырчылыктын айынан шайлоочулар өз добуштарын сатууга аргасыз болгону айтылды.
Облус бийлигинин пикирине караганда президент Аcкар Акаевдин кызматтан кетүүсүн 4-марттан бери талап кылган митинг мыйзам чегинде болгон жок:

- Бизде демократия. Демократиянын шарапаты бардыгы митингге чыгып, айта турганын айтат. Бирок демократия бул анархия болбош керек. Баары мыйзам чегинде мыйзамды сыйлаганда, урматтаганда гана бизде чыныгы демократиялык коом, демократиялык мамлекет болот, - деди губернатор Жусупбек Шарипов.

Жашоонун начардыгынан шайлоочулар акчага алданганын ардагер Таттыбү Абдуллаева белгиледи:

- Мен элге кайрылам, биз акчасына, унуна сатылдык. Бйлик жанын жеп, элдин сөзүн уккан жок.

Тагайбек Жаркынбаевдин көз карашында адам укугу унутулуп, жакырчылыктын айынан айрым адамдар ооруканада дарылана албай калды:

- Биз адам укугун коргогон мамлекетте жашайбыз дегенбиз. Тескерисинче, адам укугун коргобостон, адам укугун тебелеген мамлекет болдук. Кедейчиликти жойбой эле, тескерисинче, кедей-кембагалдар көбөйдү. Догдурга барсак карабай, канчалаган киши кырылып жок болуп атат.

Асан Шакировдун айтымында элден алыстаган бийликти кызматтан ажыратуу үчүн уруу-улутка бөлүнбөй, тартип сакталып, ынтымактуулук болгондо гана максат ишке ашат:

- Азыр бийликтин шайы кеткен кези. Бирок дагы деле эл менен эсептешкиси келбей атат. Эл менен бир, эки адам бул маселени чече турган иш эмес. Ошон үчүн Аскар Акаев токтосуз кетиши керек. Эмне үчүн Аксы эли турат. Эгер кыргыз, орус болуп бөлүнсөк, анда болбойт.

Эки миңге жакын адам катышкан митингде Аксы окуясы эскерилип, 2002-жылы 17-мартта каза тапкан алты жигиттин арбагына багышталып, куран окулду:

- Омийин. Ушул кеткен алты бала шейити болсун. Аткандарга, азап көрсөткөндөргө, жесирлерин чыркыратып, балдарын зыркыраткандарга Кудай тигил дүйнөдө, бул дүйнөдө азабын берсин.

Аксылыктарды аткандарды кудай жазалашын тилеген карыя Макамбай Өмүралиевдин ишениминде азыркы бийлик турганда Аксы окуясына күнөөкөрлөр жазаланбайт:

- Бул бийлик кетип, ордуна жаңы бийлик шайланганда гана күнөөлүлөр жазаланат. Ошол күнөөлүлөрдүн колунда бийлик азыр. Алардын колунан бийликти тартып алышыбыз керек. Тартып алыш үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан бири келбей жүзү, жүзү келбей миңи келип, керектүү жерлерге баруу керек.

«Эл үчүн реформа, Аскар Акаевге отставка» аттуу кыймылдын облустагы башчысы Медер Үсөнов Аксы окуясынын келип чыгуу себептерине токтолду:

- (Жерди) элдин, Жогорку Кеңештин уруксатысыз берип жибердиң, ошондуктан сен отурган президенттик креслоңон кетишиң керек деп Азимбек Бекназаров импичмент жарыялаганда, анын аркасынан түшүп, жети жыл мурда болуп өткөн окуядан кийин эки адамды элдештирип койгон. Бирок кансыраган абалынан кеткен жок. Бийликтин желдеттери кан төгүп болсо дагы өзүбүздү кармап калабыз дейт. Ошондо алты адам шейит кетип, отуздан ашык адам жарадар болгон. Азырга чейин ошолордун кээ бирлеринин көкүрөгүндөгү ок алынбай жүрөт, кээ бирлери өмүр бою мунжу болуп калышты

Медер Үсөнов президент Аскар Акаевдин эки жумадан бери облбийлик маңдайында митинг өткөргөндөрдүн талаптарына көңүл бурбаганына нааразылык билдирди:

- Ошол элди аткан адамдарды сотко берип, «мына, менин жүзүм жарык, аткан адамдар соттолду» дегенде ишенет элек президентке. Мойнуна камчысын салып келип «улуу элим, кечиргиле, ушунча күндөн бери турасынар. Мен акмак болдум, ит болдум. Октябрга чейин турайын. Силер айткыла кайсы балдар бар, эмне кызмат кыла алат» десе, ушул эл унчукпастан макул болот эле.

Митингчилер тынымсыз жааган жамгырга карабай:

- Акаев кетсин! - деп ураан чакырышып, көздөгөн максатына жетмейин тура беришерин жарыя кылышты. Облбийлик имаратынын ичинде күндүзү жүздөн ашык адам турат.