«ЖАҢЫ БАГЫТ» КЫЙМЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВДИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛДЫ

«Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаршембиде билдирүү таратты. Анда парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу, президентти кызматтан токтоосуз кетирүү, алгач чукул президенттик шайлоо, андан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу милдеттер белгиленген.
Курамына мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер кирген «Жаңы багыт» кыймылын талдоочулар буга чейин ортомчул саясий күч катары санап келген. «Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын төрагасы, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев жетектеген бул кыймыл парламенттик шайлоонун алдында Кыргызстан элдик кыймылы менен тилектештигин билдирген. Бирок мамлекеттик саясатты мынчалык деңгээлде ачык сынга ала элек болчу. Буга чейин кыймыл президент Аскар Акаев кызматын Конституциялык тартипте өткөрүп берет деген ишенимде болуп, президенттик шайлоого өз талапкерин сунуштоо оюн билдирип келген.

Бул ирет кыймыл президент Конституцияны өзгөртүү аркылуу бийлигин сактап калуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатат деп эсептеп, президенттин кызматтан кетишин, чукул президенттик шайлоону өткөрүүнү, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну зарыл деп билдирди. Мунун себебин кыймылдын төрагасы Муратбек Иманалиев мындайча негиздеди:

- Азыркы бийлик, өкмөт мамлекеттик башкаруу системасын жоготту. Бул - бир. Экинчиден, эл колдогон ресурстары бар экономикалык программасы жок болуп атат. Андан тышкары ички-тышкы саясат жагынан да көп маселелер чыгып атат. Ошондуктан биз азыркы бийлик мамлекетти башкара албай калды деп ойлойбуз.
Иманалиевдин пикиринде кырдаалдын курчушуна мыйзамсыздыкка белчесинен баткан парламенттик шайлоо шылтоо болуп берди. Башкаруу режиминин «Үйбүлө» парламентин түзүү максаты менен коштолгон кысымы, бир жактуу каралоо иштери элдин көчөгө чыгып, укугун коргошун шарттады, бийликтин ыплас аракеттери өлкө келечегин коркунучка кириптер кылууда деп айтылат билдирүүдө.
Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү боюнча соңку талап парламенттик шайлоонун алдында экс-элчилерге байланышкан нааразылык чараларынан улам башталган. Ал эми 10-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 20 депутаты кол коюп тараткан кайрылууда президентти чукул кетирүү талабына Жогорку Кеңешке шайлоону жокко чыгаруу, президенттик чукул шайлоо өткөрүү талаптары кошулган. Кийинчерээк жер-жерлерде пайда болгон нааразылык чараларында, Жалалабатта 15-мартта өткөн элдик курултайда бул - ырасмий бийликке жолдогон башкы талаптардын бири болду. Бирок президент Аскар Акаев мындай талаптарды жеңишке жетпей калган айрым саясатчы чыкмалардын кылганы деп эсептеди.
Бирок Кыргызстан элдик кыймылы жактаган бул талаптарды оппозициячыл саясатчылардын бардыгы эле колдогон жери жок. Маселен, №26 Акман шайлоо округунан депутат, «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев президенттин бийликтен мыйзам чегинде кетишин жактайт, ал эми парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну мыйзамга туура келбейт деп эсептейт:
- Бул - өлкөдө өтө эле башаламандык болуп, балким ич ара согуш болгон учурда жасала турган иш. Ошондо да мыйзам муну караган эмес. Экинчиден, менин өнөктөштөрүм парламенттик шайлоого эмес, президенттик шайлоого да даяр эмес.
Текебаев мындай талаптын коюлушун популисттик кадам катары баалайт. Анткен менен Кочкор шайлоо округунан талапкер Акылбек Жапаровдун пикиринде, Кыргызстан аймагындагы кырдаал улам барган сайын татаалдашып баратат, айрыкча, нааразылык чараларына бийликтин кайдыгер карап жатканы кырдаалды курчутуп жатат:
- Тилекке каршы, республикадагы кырдаал чыңалгандан чыңалып эле баратат. Ылайым эле ок атылбай, Аксыдагыдай болуп бирөөлөр мүрт кетпей, жакшыраак бүтсө болот эле.
Көпчүлүк оппозициячыл саясатчылар Кыргызстан аймагында президент Аскар Акаев кетмейинче кырдаалды оңдоо мүмкүн эмес деп жатышат. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг кырдаалды курчутпаштын бир жолу катары оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүсүн белгилеген. Муратбек Иманалиевдин айтымында, мындай сунушту «Жаңы багыт» буга чейин бийликке айтып келген, бирок ал сунуш колдоо тапкан эмес, бул - кырдаалдын курчушунун дагы бир себеби болууда:
- Эми ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, Украина менен Грузияда борборлордо башталса, бизде облустарда, провинцияларда башталып атат. Бирок азыркы кырдаалда бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө отурбаса, бул улантыла берет, акыры Бишкекке келет.