Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү

БИШКЕК. Метеорологиялык борбордон маалымдашкандай март айынын он алтысынан он сегизине чейин жаан-чачындын тынымсыз жаашына байланыштуу Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде селдин жүрүшү күтүлүүдө.
Ал эми 16-мартта Жалалабат, Ош чөлкөмдөрүнүн тоолуу аймактарында жана Бишкек-Ош автожолдорунун 204-251 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү мүмкүн.

16-мартта Жалалабат, Баткен, Ош облустарынын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

ЧҮЙ өрөөнү боюнча абанын температурасы түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн –2...+3, күндүз +8...+13 градус.
ОШ, ЖАЛАЛАБАТ, БАТКЕН облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +12...+17.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн -1...+4, күндүз +6...+11 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн +3...+5, күндүз +12...+14 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.