КЫРГЫЗСТАНДА КЫРДААЛ КУРЧУДУ

Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун экинчи айлампасынан кийин Өзгөн, Талас, Жалалабат, Ош, Алай, Токтогул аймактарында нааразылык аракеттери күчөдү. Жалалабат шаарында элдик курултай өтүп, анда Кыргызстан элинин Жалалабат облустук кеңеши түзүлдү.
Нааразылык чаралары дээрлик парламенттик шайлоонун одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгү, ириде административдик кийлигишүүлөр менен байланыштырылууда. 14-мартта Бакайата шайлоо округунан талапкер Равшан Жээнбековдун 3 миң чамалаш, Өзгөн районунан Адахам Мадумаровдун 10-15 миң чамалаш шайлоочулары облустук, райондук администрация имараттарын ээлешип, өз депуаттарынын мандаттарын кайтарып берүүнү талап кылышты.

Көпчүлүктүн талабы боюнча Өзгөн округдук шайлоо комиссиясы чукул отурумга чогулуп, талаш туудурган №58, 59, 62 шайлоо участокторундагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын жокко чыгарды.

№21 Токтогул шайлоо округунда Токтосун Мадияровдун тарапкерлери Бишкек-Ош автожолун, №44 Алай шайлоо округунда Марат Султановдун тарапкерлери Сарыташ-Ош автожолун тороп тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда.

№6 Асанбай шайлоо округунда өз атаандашынан 61 добуш менен утулган талапкер Мелис Эшимканов Бишкекте 5 миң шайлоочуну көчөгө чыгарарын убада кылды:

- Өзгөндө болгон окуя - 20 миң киши Өзгөндүн борборун ээлеп алганда бийлик коркуп кетип, жеңишти Адахам Мадумаровго кайтарып бергендиги - эгер сенде күч болсо, масса болсо, элди көчөгө алып чыксаң сен этибарга алынасың деген жөнөкөй моралды таанытты. Мен азыр даярмын. Бишкекте 20 миң алып чыгыш кыйын, бирок эки күндөн кийин 5 миң киши даяр болот.

Кыргызстан аймагында өтүп жаткан чоң жана чакан нааразылык чараларындагы жалпылык – бардык жерлерде ырасмий бийлик шайлоого кысым көрсөткөндүгү үчүн айыпталууда. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо тескерисинче, шайлоо эл аралык нормалардын чегинде, жалпы шайлоого доо кетиргидей мыйзам бузууларсыз өткөнүн билдирген.

Ал эми 4-марттан бери Жалалабат аймагында уюштурулуп жаткан массалык чыгуулар президент Аскар Акаев баштаган ырасмий бийликтин кызматтан кетишин талап кылып жатат. 15-мартта оппозициянын демилгеси менен мамлекеттик администрациянын имаратынын жанында, ачык асман алдында өткөн курултай бул талапты бекемдеген ант кабыл алды. Ушундай талаптарды буга чейин Ош, Нарын шаарларында, Сокулук районунда нааразылыкка чыккандар да коюшкан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурдин Жангараевдин билдиргенине караганда, өлкө аймагында болуп жаткан бардык нааразылык чаралары тартип коргоо кызматтарынын көзөмөлүндө болуп, жер-жерлерде кызматкерлер иштеп жатышат, элдин аракеттерине каршы эч кандай күч колдонулган жери жок.

Ал эми Жогорку Кеңешке жаңы шайланган депутаттардын бири Темир Сариевдин оюнда административдик мекемелерди курчап, жолдорду бууп, ээлеп, айрым мамлекеттик кызматчыларды барымтага алуу мыйзамсыз.

Кыргыз өкмөтү болсо өлкөдөгү акыркы жагдайларга өз баасын бере элек.
Буга чейинки билдирүүлөрүндө мамлекеттик жетекчилер элдин нааразылык аракеттерин оппозициянын кызыкчылыгы менен байланыштырышкан. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев президентти кызматтан кетирүү оппозициянын талабы экенин, ал жалпы элдин мүдөөсүнө каршы келерин белгилеген. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мындай билдирүүлөрдү элдин ачуусун келтирген жагдай катары санайт:

- Жалалабаттагы курултайдын болушуна деле элди бийлик өзү түртүп койду. 4-марттан бери эл турат. Ким барды ошолордун алдына? Кубанычбек Жумалиев (биринчи вице премьер министр) барыптыр. Кайра эле баягы эски, ыплас технологияны сунуштап, эл менен сүйлөшпөстөн Бектур Асанов өңдүү лидерлер менен сүйлөшүп, соодалашып барган. Бирок ошол элдин алдына ачык чыгып «эмне себептен болду, бизден кайсы кемчилик кетти, ушул кемчиликти кандай кылып оңдойлу, Аскар Акаев силерге эмне кылып берсин» деген сөз айтылган жок да. Эми ал жерде бирден-бир талап – Акаевдин отставкасы… Элди кимдир-бирөө жетелеп чыкты деген ойдон бийлик качан арылат?

Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлү Виктор Черноморец жагдай курчуп баратат деген ойдо. Ошондуктан ал оппозиция менен бийлик эки тараптуу сүйлөшүүгө барышын каалайт:

- Мен азыркыдай кооптуу жагдайдан чыгуунун бир эле жолун көрүп турам. Бул -президент Аскар Акаев менен оппозиция лидери Курманбек Бакиевдин жолугушуусу. Бул 1+1 форматында болушу керек. Алар республиканы коргоп калышы керек.

Ал эми саясат таануучу Токтогул Какчекеев элдик толкундоолорду басуу үчүн президент тарабынан оппозициянын талабынын аткарылышын жактайт:

- Кырдаал президенттик шайлоого чейин курчуй берет. Ошондуктан оппозициячылар айткандай, президенттик шайлоону эрте өткөрүш керек болуп атат.

Саясат таануучу ырасмий бийлик мыйзамдуу бийлик алмашууга барбаса, Кыргызстанда Украина же Грузия окуясы кайталаныш ыктымалдыгын жокко чыгарбайт.