Кытайдын парламенти Тайванга каршы күч колдонууга уруксат берген мыйзамды кабыл алды

Кытай парламенти дүйшөмбүдө жактырган мыйзам эгер Тайван көз карандысыздыгын жарыяласа өкмөткө ага каршы күч колдонууга уруксат берет. Кытайдын премьер- министри Вень Цзябаонун түшүндүрмөсүнө караганда, жаңы мыйзам өлкөнү бириктирүүгө көмөктөшөт:

- Бул мыйзам эч качан Тайвандын элине каршы багытталбайт. Ал Тайвандын көз карандсыздыгын колдогон күчтөргө каршы жана аларды токтотот. Бул өлкөнү согуш эмес тынч жол менен бириктирүүчү мыйзам.

Анткен менен Тайван өкмөтүнүн өкүлү мыйзам согуш ачууга уруксат берип жатканын, ал үчүн Кытай жооп бериш керектигин билдирди. Тайван иш жүзүндө Кытайдан 1949-жылкы граждандык согуштан бери көз карандысыз жашайт.