БИШКЕК. Кыргызстанда 13-мартта шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. Саат жыйырмага карата алынган маалымат боюнча тизмеге киргизилген 1 миллион 474 миң 581 шайлоочунун 51,26% добуш берди. Бул маалыматтар дагы өзгөрөт. Анын ичинде Нарындагы шайлоочулардын 59, Баткен 50, Чүй 55, Талас 61, Ысыккөл 55, Жалалабат 59, Бишкек 45, ал эми Ош обласынын шайлоочуларынын 42 пайызы добуш беришти. Шайлоо кодексине ылайык добуш берүү кечки саат 20.00да токтотулуп, добуштар санала баштады.