Жалалабатта нааразылык акциясы улантылды

ЖАЛАЛАБАТ. 13-мартта Жалалабат облустук бийлигинин маңдайында улантылган митингге нөшөрлөгөн жамгыр да тоскоолдук кыла алган жок. Жекшембиде улантылган митингге уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча миңге жакын, ал эми облбийликтин аппарат башчысы Алмаз Асаналиевдин маалыматы боюнча жүздөй адам катышты. Митингге чыккандар мамлекеттик маалымат каражаттары таркатып жаткандай митинг токтогондугу жөнүндөгү пикирлерди четке кагышты. Акциялар бийлик алмашмайынча улантыла берерин айтышты. Таанымал саясатчы Топчубек Тургуналиев жана жаштардын «Келкел» аттуу кыймылынын координатору Азима Расулова коррупция, кадр саясатын, өлкөнүн сациалдык-экономикалык абалын, жаштарга камкордуктун начардыгын жана билим берүүнүн төмөндүгүн, шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, менчиктештирүү учурунда карапайым калк байлыктан кур калганын сынган алышты. Митинг 14-мартта да улантыла турган болду.