Президент Башар Асад менен сүйлөшкөн соң ООНдун атайын өкүлү Терье Род-Ларсен ушундай билдирүү жасады. Сирия президенти ООНдун коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык Ливандан бардык аскерлери менен чалгындоо кызматтарын чыгарганга милдеттенди, бул иш эки этапта жүргүзүлөт, деп айтты Род-Ларсен. Өкмөттүн планы менен эмдиги аптада ал ООНдун баш катчысы Кофи Аннанды тааныштырат. Өткөн түнү Ливандын Бекаа өрөөнүнөн 60тай аскери машинада сириялык солдаттар мекенине кайтып келди. Чек арада аларды сириялыктар шатыра-шатман түшүп тосуп алышты.