ЕККУ Беларус бийликтерин маалымат каражаттарын кысмактаганы үчүн айыптады

ВЕНА. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларус бийликтерин маалымат каражаттарынын эркиндигин кысмактап жатат, деп кескин сынга алды. Уюмдун жетекчилиги билдиргендей, беларус маалымат каражаттары экономикалык жана юридикалык жактан кысмакталууда. Маалымат каражаттарын кысмактоодо "жалаа жапты" деп айып койуу эң кеңири тараган ыкма болуп калды. Уюмдун айтымында, былтыр көз карандысыз басылмалардын саны 50дөн 18ге түшүп калды, эки журналист "президентке жалаа жапты" деген айып менен түрмөгө отургузулду.